Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Президентти “кетсин” дегендердин катары калыңдап баратабы?


Элдик революциялык кыймылдын башкы талабы - президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү бойдон кала берүүдө. Бул арада дагы бир кыймыл өлкө башчысына импичмент жарыялоо үчүн 100 миң кол топтолгонун жарыялады.

Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиевдин айтымында, азыркы тапта президентти кызматтан кетирбей туруп конституциялык реформаларды талап кылуудан майнап чыкпайт. Ошол себептүү кыймыл декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук аянтында нааразычылык иш чара өткөрүүнү пландоодо.

Ал эми өздөрүн "Коррупцияга каршы күрөшүү кыймылы" деп атаган топтун жетекчиси Назарбек Нышанов президентке импичмент жарыялоо үчүн азыркы тапта 100 миң кол топтолгонун жарыялады. Айрым саясий серепчилер болсо бул күчтөр деле жеке кызыкчылыктарын көздөп, бийликке келүүнү гана максат кылып жатышканын, андыктан азыркы конституцияга жок дегенде 5-10 жыл тийбей туруу керектигин айтып жатышат.


Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүүнү каалаган күчтөр иштерин жандантышканы менен өлкө башчы кызматтан кеткен учурда мамлекет кандай башкарууга туш болот, баш мыйзам кай жагына өзгөрөт деген сыяктуу суроолор көбүрөөк пайда боло баштады. Элдик революциялык кыймыл да азыркы бийликти кетирген соң мамлекеттик башкаруунун түрүн тандап алып, андан кийин жаңы парламентте жаңы конституция кабыл алуу керектигин көздөөдө.

Кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Баарын коюп Манасты айт демекчи, эң биринчи маселе бул – азыркы бийликти кетирүү. Булар турганда реформа болбойт. Мынакей, Бакиев келгени үч жарым жыл ичинде үч конституцияга кол койду да. Ушул да конституциялык реформабы? Буларга биз ишенбейбиз, булардын колунан да келбейт. Булардын жасаганы эле үй-бүлөлүк жана авторитардык диктатурага ылайыкталган конституция болуп калды да.

Коррупцияга каршы күрөшүү кыймылынын жетекчиси Назарбек Нышанов айтымында, импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү кол топтолсо азыркы бийликти таркатып, мамлекетти элдик башкарууга өткөрүү процесси башталат. Ага ылайык кабыл алына турчу баш мыйзамда мамлекетти башкаруу өлкөнүн бардык аймактарынан шайланган эл өкүлдөрүнө тапшырылып, президент жана анын командасы ошол элдик конгресске отчет бермекчи.

Бул максаттарга жетүү үчүн бул топ декабрь айынан тарта президентке импичмент жарыялап, кызматтан кетүүсүн талап кылаарын Назарбек Нышанов мындайча белгилейт:

- Төрт айдан бери биз 100 миң кол чогулттук. Ушул ишти кечиктирбей, жетиштүү кол топтоп туруп, 1-декабрдан баштап эле Курманбек Бакиевди ак үйдүн алдын алып чыгып, “мына сиз импичментке туура келдиңиз, сиз момундай штериңиз үчүн жооп беришиңиз керек” деп туруп аны жоопкерчиликке чакырсак болот.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун пикиринде, азыркы оппозициянын көптөгөн талаптары негизсиз жана баш мыйзамды өзгөртүү демилгелери эч жакшылыкка алып келбейт:

- Албетте төгөрөгү төп келген конституция жок, кайсы мамлекеттикин алып көрбөйлү. Мына жакшыбы-жаманбы жакында эле конституция кабыл алынды. Эми жок дегенде президенттин бир мөөнөтү, эки мөөнөтү бүткөнчө коё туруп, ошондон кийин анан төгөрөгү төп келген конституцияны элге таратып, элге ошону түшүндүрбөйлүбү. Оппозиция бир канчага бөлүнүп кеткен да. Анын үстүнө бүт бардыгы булганып бүткөн, көбү мурдагы бийликтин учурунда деле чоң чиновник болуп жүрүшкөн.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев болсо кептин баары саясий элита менен элдин аң сезиминде жатканын, баш мыйзам өзгөргөн менен аң сезим өнүкпөсө жылыштар болбосун айтат:

- Негизги маселе бул конституцияда эмес. Бул - адамдын аң-сезиминде, анын атуулдук сезиминде, маданиятында. Ошондуктан бүгүнкү күндө конституцияны ким өзгөртсө да абал өзгөрбөйт.

XS
SM
MD
LG