Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Ар кыл күчтөр бийликти жарга камай башташты


Соңку күндөрү оппозициялык күчтөр жанданып, бийликке каршы ар-түркүн нааразычылык акцияларын баштаганын жарыялай башташты. Аларга жакында эле түзүлгөн Кыргызстан мусулмандар кеңеши да кошулду.

Жакында эле түзүлгөн Кыргызстан мусулмандар кеңеши да 16-декабрдан 24-декабрга чейин Кыргызстан боюнча бийлик саясатына каршы массалык нааразычылык акцияларын өткөрөрүн жар салышты. Буга чейин “Акыйкат үчүн” кыймылына бириккен күчтөр менен Революциялык кыймыл да бийликке каршы нааразычылык иш-чаралар уюштуруларын билдиришкен. Бийлик өкүлдөрү болсо, чачыранды оппозициялык күчтөрдүн көп талаптары негизсиз экендигин айтышууда.

Бийликке каршы нааразычылык иш-чараларын баштамакчы болгон күчтөрдүн ичинен Кыргызстан элдик революциялык кыймылынын талабы бийлик менен такыр келишкис, радикалдуу бойдон кала берүүдө. Революциялык кыймыл президент Курманбек Бакиев баш болгон бийлик адамдарынын бардыгын кетирип, өлкөнүн башкаруу системасын, баш мыйзамын түп тамырынан реформалоону максат кылууда. Кыргызстан патриоттук партиясынын башкы катчысы Назарбек Нышанов да ушул жылдын август айынан бери президентке импичмент жарыялоо үчүн элден кол топтоп келатат жана анын айтымында, бүгүнкү күнү 100 миң адам президентти кетирүү үчүн кол коюп беришкен.

Калган күчтөр азырынча президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабын коюшпаганы менен олуттуу реформаларды талап кылышууда. Бул күчтөрдүн арасына жаңы эле түзүлгөн Кыргызстан мусулмандар кеңеши кошулуп, президенттен айлана-чөйрөсүндөгү коррупцияга малынган адамдардан арылууну талап кыла башташты. Башында мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен “көмүр королу” атка конгон Нурлан Мотуев турган мусулмандар кеңеши талаптары аткарылбаган учурда президентти да кетирүүгө аракет кылышарын жарыялашты: Мусулмандар кеңешинин тең төрагасы Турсунбай Бакир уулу мындай дейт:

- Эгерде ушул декабрдагы акциябыз максатына жетпесе, президент болобу, пресьер-министр болобу, Жогорку Кеңеш болобу кызматтарынан кетишин талап кылабыз.

Мусулмандар кеңешинин тең төрагасы Нурлан Мотуев буларга токтолду:

- Биздин талабыбыз: президент Бакиев мырза бир жарым жыл мөөнөтү бүткүчө иштесин. Бирок айлана-чөйрөсүн тазаласын. Мурунку Акаевчилердин баарын кетирип, жаш кадрларды, мурунку революционерлерди кызматка алсын. Биз Медет Садыркуловду, Искендер Айдаралиевди, Чолпон Баекованы, Арстанбек Ногоевди, Феликс Куловду, Өмүрбек Субаналиевди ж.б. кетсин деп атабыз. Булар 18 жылдан бери Кыргызстанды ушундай абалга кептешти. Бизге, чыныгы революционерлерге кызмат бербей, мына...

Мусулмандар кеңешинин максаттары тууралуу жана анын радикалдык, тыюу салынган уюмдарга тиешеси бар-жогу тууралуу Турсунбай Бакир уулу буларды айтты:

- Биз элге ыйманды алып келели, кудайга ишенимди кайтаралы деп атабыз. Ошондо ыймандуу эл бузуккулукка барбайт, кылмыштар, проституция азаят, арак ичкендер жок болот, башка жаман иштер болбойт. Экинчиден, жанагы “Хизб-ут-тахрир” халифат курабыз деп атышат. Биздин оозубуздан халифат куралы деген сөз чыккан жок. Биз Кыргызстанды оңдойлу деп атабыз. Каяктагы халифат Кыргызстанды оңдой албай атсак. Биздин аларга тиешебиз жок.

Революциялык кыймылдын улуттук кеңеши да кыргыз элине кайрылуу жасап, К.Бакиев режимин кулатуу үчүн жалпы калкты козголууга, күрөшүүгө чакырды.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, мындай талаптардын бардыгы оппозициядагы саясатчылардын дүйнөдөгү каржылык кризис менен энергетиканы бетине кармап, упай топтоого гана болгон аракети. Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдырасаков мындай дейт:

- Президент келип мына Сапарбек Балкыбековду жумуштан алды. Эми тартипке чакырып, светти оңдосо, элдин свети өчпөй калса оппозиционербиз дегендерди жөнөкөй эл колдобой калат. Аларга эл ишенбей калды. Анткени, кечээ эле чиновник болуп жүргөндөр жүрөт араларында. Аларга эртең эле кызмат берилсе бийликтин сөзүн сүйлөп калышат.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, оппозициялык күчтөр бийликтен олуттуу реформаларды талап кылып атышканы менен өздөрүндө конкреттүүлүк, бирдиктүүлүк болбой жатат. Эксперттин баамында, эми саясий иштерге диний багыттагы Мусулмандар кеңешинин катуу аралаша баштаганы жакшылыкка алып келбейт. “Бийлик да, оппозиция да өлкөнүн диний чүмбөттүн астында калып баратканын көрбөй жатышат”,- дейт ал:

- Калктын өнүгүшү үчүн бирден-бир жол секулярдуулук. Мамлекет динден тыш болуш керек, кайсы динге ишенерин ар ким өзү чечиш керек. Бирок азыр бизди дин басып калды. Секулярдуулук калбай баратат. Азыр карап көргүлө, мечиттер мектептерден көп. Бизде чынында ислам эле бийлеп калды. Эч ким ага кыңк эте албайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG