Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

СДП президенттик шайлоо мөөнөтүн Конституциялык сот аркылуу тактайт


Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” СДПнын Жогорку Кеңештеги фракциянын төрага орун басары Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында президент Курманбек Бакиев 2005-жылы июлда эски Конституция боюнча шайланган, ошондуктан, анын шайлоо мөөнөтү 2009-жылдын октябрында соңуна чыгат. Бүгүн маалымат жыйынын уюштурган фракция төрагасы Бакыт Бешимовдун айтканына караганда Бириккен оппозициянын 29-ноябрга белгиленген курултайында башкы тема мамлекет башчыны шайлоого даярдык болот. Бешимов президенттик шайлоо 2009-жылдын октябына дайындалышы керек деп эсептейт. Кыргызстандын жаңы Конституциясында белгиленгенге караганда, президенттик шайлоо 2010-жылы өтүшү керек. (BuS)

XS
SM
MD
LG