Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Эки жүздөн ашуун мамлекеттик ишканалар менчиктештирүүгө коюлат


Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2008-2012-жылдарга менчиктештирүү программасы кабыл алынып, ага ылайык мамлекеттик 250 объект менчиктештирүүгө коюлат. Бирок ал кайсы ишканалар жеке менчикке берилээрин так айткан жок. Ал эми “Кыргызтелекомду” менчиктештирүүгө конкурстук комиссия алигиче чечим кабыл албай жатканын белгилеген Турдумамбетов маммүлк комитети комиссиянын ишине кийлигишпестигин кошумчалады. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында “Кыргызтелекомдун” 77,84 пайыз баалуу кагазы инвестициялык конкурска коюлуп, алгачкы баасы 1 млрд.628 млн. 115 миң сомго бааланган. “Кыргызтелекомдун” уставдык капиталы 1 млрд. 497 млн. 814 миң сом, кредиттик карызы 2 млрд. 416 млн. 698 сомду түзгөн. “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишкана. Анын мамлекеттик акцияларын сатып алууга “Казактелеком”, “ЭлКат Инвест”, «Инвестиционная компания K.S.D» (Казахстан), Nimisco holdins Co. limited (Кипр), Colimar holdins Co. limited (Кипр), «Ала-Тоо Кении» (КР), «Телеком Инвест», ОАО «КыргызКредитБанк», «БиМоКом Лтд», «Ermen-Too Resources» компаниялары арыз беришкен. Ал эми конкурска катышууну каалаган "Ростелеком", Түркиянын Turk Telekommunikasyon A.S. жана Германиянын Axos Capital GmbH конкурстан четтетилген. Кечээ парламенттеги СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов болсо “Кыргыз темир жолу”, “Кыргыз алтын”, “Мамлекеттик геологиялык чалгындоо отрядынын түндүк-түштүк бөлүмдөрү”, “Кыргызстан авиокомпаниясы”, “Түндүк электр” ишканасы, Бишкек жылуулук борбору менчикке коюлушу күтүлүп жатканын маалымдаган (AJ)

XS
SM
MD
LG