Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов 29-ноябрдагы курултай, парламенттик башкаруунун кемчиликтери тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде кеп салып берди.

“Азаттык”: Мирослав мырза, сиз оппозициянын меморандумуна кол койгон эмес элеңиз, анын себептерине токтолуу менен айтсаңыз, 29-ноябрдагы курултайга катышасызбы?

М.Ниязов: Мен бул курултайга катышпай калдым. Буга бир нече себеп бар. Оппозициянын көпчүлүгү парламенттик башкаруу системасына өтүшүбүз керек деп жатат. Мен ага толугу менен каршымын. Парламенттик башкаруу Кыргызстанды кризистен чыгара албайт. Бул утопия. Мүмкүн келечекте парламенттик республикага айланып кетишибиз ыктымал. Бирок бүгүн мындай башкаруу системасына эч кандай шарт түзүлө элек.

Биринчиден, парламент 100% партиялык тизме менен шайланганда, жер-жерлерден өкүлдөр катышпай калат экен. Бул чоң кемчилик. Анткени региондордун кызыкчылыгын коргой турган өкүл болбой калат экен. Бизде жүздөн ашык партия болсо да, бүгүнкү күндө элдин көпчүлүгү кайдыгер болуп, бир да партияны колдоюн деген ою жок. Булардын баарын эске алганда, парламенттик республика деген чийки, бышпаган маселе экени анык болуп турат.

Экинчиден, парламенттик башкаруу болгондо депутаттар өздөрү премьер-министрди баш кылып, аткаруу бийликти шайлап алышат. Ошону менен аткаруу бийлиги депутаттардын барымтасына түшүп калат. Мындай ыңгай менен жүздөй депутат пайдаланып, өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн, андан соң туугандарынын ийгилигин чече баштайт. Бүгүн биз бир президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн тизгинин тарта албай жатсак, жүздөй депутаттын тизгинин ким тартат? Биз тууганчыл элбиз. Муну эстен чыгарбашыбыз керек. Парламенттик башкарууга даяр эместигибизди далилдеген мындан тышкары да бир топ себептер бар.

“Азаттык”: Сиз бир сөзүңүздө айткан элеңиз, биз система эмес, адам факторуна көңүл бурушубуз керек деп. Азыр да ошол багытта оюңуз баратат. Бир белгилүү макалга окшоштуруп айтканда, талапкер кезде баары жакшы болуп, анан эле өзгөрүп кетип жатышат. Мына ошол өзгөрүп кетүүлөргө тоскоолдук ошол система тараптан жасалып жүрбөсүн?

М.Ниязов: Мен мындай деп баса белгилеп кетким келет, эч кандай башкаруу система бизди тозоктон куткара албайт. Кандай жакшы реформа болбосун, муну жаман аткаруучу бузат. Ошон үчүн биз реформага эмес, адамга таянышыбыз керек. Эгемендүүлүктү алгандан бери биз ончакты реформаны өткөрдүк. Бирок андан пайда чыктыбы? Жок! Натыйжасы кайра эле тескери чыгып жатат. А биздин үмүтүбүз дагы эле реформа менен байланышып жатат.

Биз келечегибизди адам менен байланыштырыбыз керек. Бизге мыкты инсан, бийликти туура пайдаланган, түз, таза адам керек. Мамлекеттик ишмер менен саясатчынынын айырмасы бар. Мамлекеттик ишмер-бул эл үчүн иштеп бере турган саясатчы. Ал эми саясатчы да мамлекеттик ишмер, бирок элди өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеткен. Ошон үчүн бизге бүгүн саясатчы эмес, мамлекеттик ишмер керек.

“Азаттык”: Ошондой мамлекеттик ишмер оппозициянын катарында барбы? Алар ошондой лидердин айласында баш кошо алабы?

М.Ниязов: Мен мындай деп айткым келет, биз буга чейин эки президентти кокус жол менен шайлап алдык. Эми биз табыйгый тандоо жолу менен, кадимки улуттук лидерди шайлап алышыбыз керек. Ага бир гана жол бар. Ал үчүн бүгүнкү саясатчылар өзүнүн көз карашын, пикирин, оюн элдин таразасына салып, өздөрүнүн тазалыгын далилдеп бериш керек. Ошонун натыйжасы менен эл тандоосун жүргүзүш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG