Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Пакистан Индия бийлигин Мумбаидеги кол салуулар үчүн Пакистанды жазалабоого чакырды


Өткөн жума-ишемби күнкү теракттардан 170тен ашуун адам каза тапты. Financial Times гезитине берген интервьюда Зардари куралчан топтордун ушул өңдүү провокациялары эки коңшуну согуш абалына алып келиши ыктымал деп эскертти. Мунун алдында Индиянын ички иштер министринин орун басары Шакил Ахмад кол салууну ишке ашырган шектүү исламчыл согушкерлердин ону Пакистандан келгени аныкталганын билдирген. Чабуулдар үчүн Лашкар-и-Тайба тобу жооптуу деп шектелүүдө. Исламабад пакистандын мамлекеттик мекемелеринин кол салууларга тиешеси бар деген ырастоолорду төгүнгө чыгарды. Индиянын ички иштер министри Шивараж Патил теракттарга жол берилгендиги үчүн “моралдык жоопкерчиликти” өзүнө алып, кызматынан кетти. Бул аралыкта АКШ президенти Жорж Буш Делиге тилектештик көргөзүү иретинде Индияга мамлекеттик катчы Кондолиза Райсты жөнөттү. Набыт болгондордун арасында америкалык алты жаран бар болчу.

XS
SM
MD
LG