Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Пакистан Индияга террордук чабуулду иликтөөдө жардам көрсөтүүгө даяр


Пакистан Индия бийлигине 170тен ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен Мумбайдагы террордук чабуулду биргелешип иликтөөнү сунуш кылды. Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши Исламабаддын расмий Дели менен кызматташууга жана ага жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Министр өзөктүк куралга ээ болгон эки өлкө сабырдуулукту жана сергектикти көрсөтүп, ортодогу ансыз дагы оор мамилелерди андан ары татаалдатпашы керектигин белгиледи. Министр Курешинин бул билдирүүсү Индия Пакистандан террорчу деп шектелген 20 кишини өткөрүп берүүнү талап кылгандан кийин жасалды.

XS
SM
MD
LG