Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Жалал-Абат облустук жол башкармасы алтын кен фирмаларын сотко бере турган болду


Жол башкармасы алтын кен фирмаларынан 28 миллион сом өндүрүү талабы менен доо арыз даярдоодо. Анда белгиленгендей, фирмалар Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы көпүрө менен жолго зыян келтиришкен. 25 тоннага эсептелген жолдо 45-60 тонналык автоунааларды пайдаланышкан. Буга дейре «Фонта» фирмасы областтык бийлик тынымсыз текшерүү уюштурганы жөнүндө президентке «Трибуна» гезити аркылуу кайрылган. Кайрылууда электр жарыгы өчүрүлгөнү жана курал менен келген Чаткал милициясы фирманын жергиликтүү үч кызматкерин кармаганы жазылган. Областтык прокуратуранын жообунда милициянын жумушчуларды кармаганы такталган эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG