Бул тууралуу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында маалым болду. Министрлер Босния жана Черногория дагы НАТОго кошулуу үчүн тийиштүү шарттарды аткарууда ийгиликке жетишкенин белгилешти. Македония Грекия менен өлкөнүн аталышына байланыштуу талаштуу маселени чече алса, ага НАТОго өтүү сунушу жасалары дагы бир ирээт тастыкталды. Грекия Македония НАТОго кабыл алынганга чейин өлкөнүн аталышын өзгөртүүсүн талап кылып келет.