Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Ө.Текебаев жетектеген саясатчылар эртең АКШга сапар тартат


Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын төрагасы, “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Саясатчынын айтымында, анын өзү менен кошо АКШга Аликбек Жекшенкулов, Эркин Алымбеков жана Бабырбек Жээнбеков баратат. Сапардын максаты, “Ата мекен” партиясынын АКШдагы саясий бюросунда жолугушуу өткөрүп, партияга чет мамлекеттерде иштеп жүргөн жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана 19-декабрда ал жактагы кыргызстандыктар үчүн жыйын өткөрүү болууда. Ошондой эле Ө.Текебаев, конгресстин депутаттары, АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен да жолугуша турашканын билдирди. “Андан тышкары бириккен оппозиция сунуштап жаткан саясий концепция тууралуу Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде жана Карнеги борборунда лекция окуйбуз”,- дейт Ө.Текебаев. Оппозициячылардын иш сапары 2 жумага созулуп, 24-декабрда Кыргызтанга кайтышмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG