Орусиянын эсептөө палатасы өзүнүн Коргоо министрлигине бөлүнгөн федералдык бюджеттин каражаттары максатка ылайыктуу пайдаланганын текшерүү учурунда, Орусиянын аба базасынын Кыргызстандын аймагында турушунун шарттары жана статусу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2003-жылдын 22-сентябрында кол коюлган келишимди, андагы милдеттенмелерди тараптар толук кандуу аткарышууда деген бүтүмгө келди. Эми анын негизинде Орусия 2009-2010-жылдар үчүн Кыргызстандагы Кант аба базасын каржылоону 1 миллиард 700 миллион рублга көтөрдү. “Кабар” агенттиги 2003-2008-жылдар арасында бул каржылоо 640 миллион рублду түзгөндүгүн жазат. Эскерте кетсек, Орусиянын 1 рубли 1 сом 39 тыйынга барабар. (IJz)