Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Оппозиция лидерлери АКШга жөнөп кетишти


8-21-декабрга созулган иш сапарда оппозиция лидерлери Вашингтондогу Карнеги эл аралык тынчтык үчүн корунда, эл аралык Хелсинки комиссиясында жана Нью-Йорктогу Колумбия университетинде Кыргыстандын саясий системасынын жаңы концепциясын тааныштырмакчы. АКШ Конгрессинин мүчөлөрү, мамлекеттик департаменттин Чыгыш жана Борбор Азия бюросунун адистери менен жолугушуулар пландаштырылган. Ошондой эле алар Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасы уюштурган Жаңы жылдык кечеде конок болушат. Кошмо Штаттарына жөнөп кеткен оппозиция лидерлеринин арасында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкулов, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Эрикинбек Алымбеков, “Ак Шумкар” партиясынын төрага орун басары Дайырбек уулу Максатбек жана “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдор бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG