Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Түркмөн газы керектөөчүлөргө 10-20 жылда жетет


Түркмөнстанда жер алды ири газ кендери бар экени эбактан айтылып келген. Бирок жакында өлкөнүн дүйнөдөгү эң ири кендери бар экендиги көз карандысыз бургулоодо бышыкталганы күтүлбөгөн окуя болуп калды. Түштүк Йолотан-Осмон ган кенинин ачылышы менен Түркмөнстанга жана Европа менен Азиядагы керектөөчүлөргө да жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралууда.

Октябр айында Түркмөнстан кубанычтуу кабар алды. Британиядагы Гафни-Клайн биримдиги Түштүк Йолатан-Осмон кенинде 6 триллион куб метр жаратылыш газы бар экендигин ырастады.

Мынча газ түркмөн бийликтеринин газ ташуучу жолдор боюнча пландарына ишенбөөчүлүктү жокко чыгарды. Түркмөнстан эми бир нече багытта газ экспорттоону пландап жатат, - деп билдирди мурдагы СССРдин аймагындагы энергетика булактарын иликтеген "Мунай-газ монитор" басылмасынын редактору Жениффер Дилей.

Түркмөнстан буга чейин Орусиянын Газпром ишканасы менен жылыга 60 миллиард куб метр газ сатуу тууралуу узак мөөнөткө келишим түзгөн. Кытай келерки жылы ишке кире турган газ кууру аркылуу 30 миллиард импорттогону жатат. Ал эми Иран түркмөндөрдөн жылыга 8 миллиард куб метр газ алат.

Учурда Түркмөнстандан Набукко, Ак Агым куурларын курууну сунуш эткен Европанын да түркмөн газынан үмүтү чоң. Пакистан менен Индия газ маселесинде түркмөндөргө ишеним артышууда.

Йолотан газы бул суроо-талаптарды канааттандыра алаары анык болуп калган соң эми керектөөчүлөр түркмөн газы качан колго тийээр экен деп акмалап калышты. Бирок болжолу алардын үмүттөрү жакын арада акталбайт.

Чарлс Эссер - Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризистик топтун энергетика боюнча аналитиги. Анын айтымында, алды менен газдын баасын бычып, инвестицияны, кимдин эмне аларын, инвестицияны кепилдөө сыяктуу көп сандаган мыйзамдык жана административдик маселелерди такташ керек болот.

Инвестиция канча жылда сарпталаарын болжолдоп, узак мөөнөттүү келишимдерди түзүш керек. Мындай көп кырдуу ишке түркмөн өкмөтүнүн административдик мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Батыштын түркмөн газы үчүн Орусия менен катаң атаандаштыкка туш келээри анык. Орусияны айланып, Европага кете турган куур жолундагы газ кендеринин башы ачылып, Каспий деңизинин боюндагы өлкөлөрдүн кимисине канчасы тийешелүү экени алигиче такталып бүтө элек.

Учурда Аму-дайранын чыгышында иштеп жаткан Кытай ишканасын кошпогондо, долбоорлордун баардыгын мамлекеттик Түркмөнгаз компаниясы көзөмөлдөйт. "Ал эми Йолотан сыяктуу зор кенди казып алууга бул компаниянын технологиялык чамасы чакталуу", - деп эскертет серепчи.

- Башка да маселелер бар. Жаңы кен, жаңы долбоорлор үчүн жаңы куур куруудан тышкары, эски куур инфраструктурасынын акыбалы начар. Өлкө ташуу инфраструктурасын түп-тамырынан кайра куруп чыгышы керек. Бул төө көтөргүс иш эмеспи, - деп белгилейт Кризистик топтун өкүлү Эссер.

Анын сөзү боюнча, келишимдер оңой эле түзүлүп, инвестиция тез эле табылып, курулуш иштери ыкчам бүтөт дегенде беш жыл күтүш керек болот. Ал эми ар кыл кыйынчылыктарды эске алсак, Йолотандын газы керектөөчүлөргө жеткенге чейин аз дегенде 10, көп дегенде 20 жыл чыдаш керек болот.

XS
SM
MD
LG