Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

УТРК кызматкерлери акциясын улантып жатышат


УТРКнын кызматкери Бейшенбек Бекешовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Мелис Эшимкановдун каршылаштары бир күндүк тыныгуудан кийин бүгүн нааразылык акциясын кайрадан башташууда. Алардын катарында 50 чамалаш кызматкерлер тобу бар, демилгелүү топ ондон ашык деп билдирди Бекешов. Анын айтымында ушул эле топ бүгүн түштөн кийин Улуттук телерадио компаниясынын 50 жылдыгына карата концерт бергени жатышат. УТРКнын директору Мелис Эшимкановдун кызматтан кетүүсүн талап кылган УТРК кызматкерлер тобу нааразылык акциясын М. Горькийдин эстелигинин жанында 3-декабрда башташкан. Бул акция Курман айтка байланыштуу 8-декабрда өткөн жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG