Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

«Айтматов клубунун» жаңы лауреаттары сыйланат


12-декабрь улуу жазуучунун туулган күнүн утурлап беш номинацияда “Айтматов клубунун” жаңы лауреаттарына сыйлыктарды ыйгаруу салтанаты болмокчу.

Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине, 12-декабрь туулган күнүнө арналып мамлекеттик медициналык академиясында жазуучунун чыгармачылыгы боюнча окутуучулардын жана студенттердин кароо сынагы өтөрүн “Азаттыкка” маалымдады “Айтматов клубунун” президенти, белгилүү адабиятчы Абдылдажан Акматалиев:

- Медицина академиясында Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган чоң кече болот. Буга Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов өңдүү белгилүү инсандар катышат.

Эл аралык “Айтматов клубунун” сыйлыктары жазуучунун чыгармачылыгын көркөм өнөрдүн бардык тармактары боюнча жана билим берүүдө жайылтууга салым кошуп келаткан ишмерлерге 20 жылдай убакыттан бери ар эки жылда ыйгарылып келатат. Быйылкы Айтматовдун мааракелик жылындагы клубдун сыйлыктары 5 номинацияда ыйгарылып жатат.

Сахна номинациясы боюнча Бишкектеги Арсен Умралиев атындагы жаштар театрынын “Эсимде” аттуу спектаклин жана мамлекеттик драма театрынын “Чыңгыз хандын Ак булутун” ойногон жамааттары аталган сыйлыкка татыды. Ошондой эле өз алдынча номинациясы боюнча бир топ маданият ишмерлери – Сатыбалды Далбаев, Чоро Думанаев, Марат Алышбаев, Кенжегазы Асанбаев, Элмирбек Иманалиев жана Казакстандын эл артисти Наталья Аринбасаровалар клубдун сыйлыгына ээ болушту.

Мына ушул аталган сыйлыктар 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлап эл аралык “Айтматов клубу” тарабынан тапшырылмакчы:

- Чынында клубдун кеңеши быйылкы жылы бир топ номинацияны белгиледи. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. 80 жылдык мааракеге сыйлыктар да кеңири каралып жатат. Жаңы лауреаттардын ысымдары клубдун ардактуу мүчөлөрү катары ардак китебине жазылат. Бул сыйлыгыбыздын символикалык гана мааниси бар жана эч кандай материалдык, финансылык кызыкчылыктарды карабайт.

Алдыда дагы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар өтмөкчү. 16-декабрда кыргыз-түрк Манас университетинде жазуучунун чыгармачылыгына жана эскерүүгө арналган тегерек үстөл жыйыны өтөт. Жыйынга белгилүү адабиятчылар, окумуштуулар катышат.

22-23-декабрь күндөрү Бишкекте КМШ мамлекеттери боюнча “Айтматовдук адабий окуулардын” жыйынтыгы чыгат. Ага чет өлкөлордөн адабият, маданият ишмерлери катышмакчы. Аталган иш-чарага Орусия тарап демөөрчүлүк көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG