Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Курулуш экспертизасы чийки жүргүзүлгөн


Ишенбай Кадырбековдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинин бир эпизоду: Кочкордогу жана Тоңдогу орто мектептердин курулушу тууралуу соттук экспертизага катышкан адистердин бири Мамбеткул Тоялиевдин бүгүнкү сот жараянында билдиргени боюнча курулуш-монтаждоо жана жасалгалоо иштеринин сапаты өтө төмөн. Мындан тышкары курулуш иштерин жасаган “Хан-Теңир” ишканасы тарабынан аткарылган иштерди ашырып жазууга жол берилген. Эксперттин айтуусунда Ак-Жар айлындагы орто мектептин курулушуна жумшалган каражатка 7 млн сом кошуп жазылган. Бирок сот жүрүшүндө айыпталуучу Ишенбай Кадырбеков экспертке каяша айтып, соттук курулуш экспертизасы чийки жүргүзүлгөн, деген жүйөөсүн билдирди. Бүгүнкү соттун жараянда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Медетбек Керимкулов да келип, Кадырбековдун пайдасына көрсөтмө берди.
Ишенбай Кадырбековдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук жараян 15-декабрда уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG