Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

"ЭрК" партиясы түрдүү тоскоолдуктарга кабылууда


“ЭрК” (“Эркин Кыргызстан”) партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жер-жерлерде эл менен жолугушууларда түрдүү тоскоолдуктар жасалууда. Ошол себептүү бүгүн “ЭрК” партиясы жана “Жоомарт” кыймылынын лидерлери Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровго ачык кат жолдошкон. Анын айтымында, учурда алар Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусун кыдырышууда. “Бирок жер-жерлерде милиция, коопсуздук комитетинин кызматкерлери, айыл өкмөт, жергиликтүү кеңештин депутаттары, чагымчы мастарды жөнөтүп, эл менен жолугушууда тоскоолдуктарды уюштурууда. Биздин алган маалыматка караганда бардык жерлерде биз уюштура турган саясий чогулуштарга атайын адамдарга акча берип чагым уюштуруу пландалып жатыптыр.”, - дейт Т.Бакир уулу. Ачык катта “Биз Конституциядан чыккан жокпуз. Бирок бузуку, жаңжалга алып келе турган жолдор бир да мыйзамга туура келбейт. Саясий акцияларды өткөрүү учурунда биздин жана жалпы элдин коопсуздугун камсыз кылып бериңиз, айрыкча милиция, коопсуздук кызматкерлеринен, жергиликтүү бийликтердин тоскоолдуганан коргоп бериңиз. Биз диний уюм эмеспиз, биз Кыргызстандагы Кудайга ишенгендердин укугун коргойбуз. Биздин таянганыбыз Куран”,- деп жазылган. Ошондой эле акциянын уюштуруучуларынын туугандарына да ар кандай кысымдар жасалып жатканы айтылган. “ЭрК” партиясы менен “Жоомарт” кыймылы биригип Кыргыз мусулмандар кеңешин түзгөн. Алар 16-24-декабрь күндөрү республикалык акция уюуштурууга аракет көрүп жатышат. Акция 16-декабрда Нарында саат 11де башталып, 24-декабрда Бишкекте жыйынтыкталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG