Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Грециянын баш калаасына миңдеген адамдар чогулууда


Демонстрациялар буга чейин пландалган жалпы иш таштоонун алкагында өткөрүлмөкчү. Кабарларга караганда демонстранттар өкмөттүн көчө баш аламандыктарын жөнгө салуу ыкмасына нааразылыгын билдиришүүдө.

Жаштардын көтөрүлүшү 15 жашар өспүрүм полициянын огунан каза тапкандан кийин башталган. Жүздөгөн жаштар дүкөн, кеңселерди, банктарды, машиналарды талкалап, өрт коюшкан. Оппозициядагы социалисттик партия Костас Караманлистин консервативдүү өкмөтүн кызматтан кетүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG