Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Бүгүн – Эл аралык тоо күнү. Кыргызстан болсо келерки жылы эл аралык экинчи Тоо саммитин өткөрүүгө камылга көрүүдө. Кыргыз президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Асылбек Айдаралиев тоо күнүнө байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

2002-жылы Эл аралык тоо жылы өткөрүлгөндөн бери тоолуу өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанды өнүктүрүү багытында эмгектенип келе жатасыз, анын натыйжасы кандай болууда?

- 2002-жылы Эл аралык тоо жылы болгондо бир эле маселе болчу, тоодо кандай проблемалар бар деген. Ошондо биз 10 эл аралык эксперттер материалдарды камдап, ошондо биз көргөнбүз, тоодо жашагандар билет, кыш эки эсе көбүрөөк болоорун, кымбатчылык, көп жерде телефон, интернет жоктугун.

Бул Кыргызстанда эле эмес көп жерде ушундай экен, Непалда, Бутанда ж.б. тоолуу кедей өлкөлөрдө. Ошол өлкөлөрдүн баарында тышкы карызы, наркотрафик, терроризм, конфликт көп деп айтканбыз. Ошон үчүн тоолуу өлкөлөргө жардам бериш керек деп атайын резолюцияны өткөргөнбүз. Глобалдык тоо саммити Бишкекте өткөндө документ өткөн, Бишкек тоо платформасы болчу, ошону БУУ кабыл алып, андан кийин дагы бир эл аралык тоо программасын түзгөнбүз. Ал программа азыр Римде иштейт. Бизге ошол программа эмнеге керек? Ал жардам берип атат, кайсы жерде эмне болуп атканын билебиз. Мурун биз эч качан билген эмес элек, Перуда картошка боюнча, Непалда Исимот деген институттар бар, Африкада кандай институттар бар, эмне кылып атат. Мына жакында эле бизге маалымат келди, Индияда Пант Гималайский институту бар экен. Ошондо 3 миң фермерлер дары чөптөрдү өстүрүп, атайын фирма түзүп алып, акча таап атат.

- Дүйнө жүзү боюнча тоолуу деп эсептелген өлкөлөрдө канча калк жашайт, алардын жашоосун жеңилдетүү үчүн сиз айткандан башка дагы кандай аракеттер көрүлүп жатат. Себеби тоолуу өлкөлөрдүн көбү кедей мамлекеттер эмеспи?

- Көбү эмес. Тоолуу өлкөлөр үчкө бөлүнөт. Биринчи топ – 75-30 пайыз аймагы тоо, анан кийин 50-75, анан 25-50 деген, ошолордун баарын караганда тоолуу өлкөлөр 140тай болот. Бирок 2-3 бай өлкөлөр бар, Швейцария, Андора деген. Бирок Кыргызстан, Тажикстан, Непал, Бутан, Ооганстан, Эквадор, Эритрея деген көп өлкөлөр бар, ошонун баары эле кедей. Мына айтып берейин, бай өлкөлөрдө ИДП дегени бир кишиге 30-40 миң доллар болсо, көбүнчө тоолуу өлкөлөрдө миңге жетпейт бир кишиге. Ошон үчүн кедей дейт.

Азыр бизде экинчи саммит болот, аны эмки жылы октябрда өткөргөнү жатабыз. Ошондо 3 проблеманы карайлы деп атабыз. Кайра эле БУУ айтат үч кризис бар деп. Экономикалык, климаттык, азык-түлүк кризиси болуп атат. Ошол үч маселени карап, эмне кылыш керек, кандай жардам бериш керек, көтөрөлү деп атабыз. Бүгүн Эл аралык тоо күнү, бул Кыргызстандын демилгеси менен болгон, бизге баары эле кайрылып атат, БУУга маселени койгула, биз менен чогуу иштегиле деп. Ошон үчүн БУУга бул саммитте бир маселени коелу деп атабыз, БУУда тоолуу өлкөлөрдүн кедей топторун уюшутуруп, анан ошол топтон маселенин баарын чечиш керек деген маселе коюп атабыз.

- Асылбек мырза, 2002-жылы Бишкекте тоо саммити өткөндө Кыргызстанда тоолуу аймактарда жашоонун үлгүсү боло турган айылдар курулат деп макетин көрсөткөн элеңиз. Алар эмне үчүн ишке ашкан жок, же турмуштук зарылдыгы жок бекен, бул идеяны башка өлкөлөр ишке ашырган жокпу?

- Жок, ал жерде проблема болгону кайра эле кетип калбадыбы. Жер бериш керек эле, жер бергенден кийин кайра маселе чыкты ким сатып алат деген. Эч ким эч нерсе бербейт да, кайра эле акча маселеси чыгып кетти. Ошондой болгондон кийин программабыз басылды. Швейцария Кемп деген программа ачты, миллион доллар бир жылда келет. Мына азыр көрүп атасыңар, тоолуу жерде иштеп атат, геофагидея прораммасы келди. Анын баары айылдарда иштеп атат. Бир жерде курганда кайра талаш башталды, Нарын бизге, Чүй бизге кургула дейт. Ошол маселе баарын өлтүрүп кетти, болбой калды. Быйыл деле койсок, кайра эле ошол маселе чыгат. Ошон үчүн аны курбай эле коелу дедик. Көп жерде азыр иштеп атабыз, мына Алайда, Кеминде, Нарында бар программалар.

- Эмне үчүн бүгүн Тоо күнүндө Кыргызстанда белгилеген атайын иш чаралар болбойт?

- Биз былтыр чоң программа менен конференция өткөргөнбүз. Бирок быйыл юбилей эмес да, 2000-жылдан бери 7 жыл өттү. Биз 10 жыл болгондо майрамдайлы деп атабыз.

- Эми сиздердин алдыңыздарда жакынкы аралыкта кандай аракеттер, иш чаралар көрүлөт. Мисалы Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы элдин жашоосун жеңилдетүү максатында?

- Көп тоолуу өлкөлөрдө тоо мыйзамы бар, ошону биз 2002-жылы кабыл алганбыз. Ошол жерде 4 жылдан эртерээк пенсияга кетет, айлык акыны, пенсияны көбөйтүү, жер салыгын төлөбөйт деген сыяктуу көп маселени койгонбуз. Ошонун баары азыр жардам берип атат тоодо жашаган кишилерге.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG