Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

БУУнун Адам укугу боюнча комитет А.Үмөталиевдин арызын канааттандырды


БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2002-жылы 18-мартта Аксынын Кербенинде Кыргызстандын бийлиги коопсуздук операцияларын жүргүзүү учурунда жарандын өмүрүн алгандыгы үчүн иликтөөнү кайра жүргүзүп, чыныгы кылмышкерлерди тапканга соттук чечим болушу керек, деген чечимин үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында чыгарды. Анарбай Үмөталиев менен Анаркан Таштанбекова уулу Элдияр Үмөталиевдин 2002-жылы 18-мартта Аксы окуясында өкмөт аскерлери тарабынан атып өлтүрүлгөнүнө байланыштуу доо арыз менен БУУнун адам укуктары боюнча комитетке кайрылышкан эле. Азеридеги адам укуктары борборунун өкүлү Элдар Зейналов БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин мындай чечиминен кийин тынч элге жасалган кылмыштуу ишти кыргыз бийлиги кайрадан адилеттик менен карап чыгат деген ишенимде экенин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG