Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Апта: Чыңгыз Айтматов, Россия насыясы, оппозиция...


Өтүп бараткан жумада кыргыз коомчулугу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгын белгиледи. Россия 2 миллиард доллар насыяны ушул жылы берүүгө убада кылды. Оппозицияда кошулуп-ажыроо процесси жүрдү.

Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгын белгиледи

12-декабрда Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгын белгиледи. Улуу жазуучу өзүнүн юбилейне алты ай жетпей, 10-июнда Германияда катуу оорудан кийин о дүйнө салган эле.

Чыңгыз Айтматовдун сөөгү коюлган “Ата Бейитте” 12-декабрда президент баш болгон коомчулуктун өкүлдөрү болуп, улуу жазуучуну эскеришти. Президент “Ата Бейитте” Чыңгыз Айтматов боюнча жардыкка кол койгонун маалымдады.Ал жардыкка ылайык Бишкектеги мамлекеттик орус драма театры, анын жанындагы Эмен багы мындан ары улуу жазуучунун ысмында болот. Өкмөттүн жаштар үчүн жыл сайын ыйгарыла турган сыйлыгы да Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык болуп калмакчы. Жергиликтүү бийлик башчылары да улуу жазуучунун ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча өзүнчө чечимдерди кабыл алыш керек.

Президент Чыңгыз Айтматов үчүн эң мыкты эстелик тууралуу муну атады:

-Мен ойлоймун, Чыңгыз агабызга эң жакшы эстелик-бул ал кишинин ишин улантып, биздин мамлекетибиздин, кыргыз элинин маданиятын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу. Чыңгыз агабыздын жаркын элеси ар дайым эсибизде калат.

Бирок коомчулукта мамлекет улуу жазуучунун чыгармаларынын толук топтомун басып чыгарган жок, улуу жазуучунун ысмы өзүнө жараша обьектерге ыйгарылган жок деген пикирлер да жок эмес. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева Чүй проспектисине Айтматовдун ысмын берүү тоскоолдуктарга учурап жатканын билдирди:

-Биз, демилгелүү топ Чүй проспектисин Чыңгыз Айтматов атындагы проспекти деп атоо сунушун киргиздик эле.Мына ушундай адамга бир чоң көчөнүн атын кое албай, ыраа көрбөй турабыз. Дэн Саяопин ошол көчөнүн жарымы экен. Менин оюмча ушул көчөнү берсек туура болот эле. Эгерде Чыңгыз Айтматовго ыраа көрбөсөк, анда бул да элдин жүзүн көрсөтө турган нерсе болуп жатат.

Улуу жазуучунун чыгармаларынын 8 томдугун болсо менчик “Бийиктик” басмаканасы коомдук ишмер Акун Токтосартовдун жетекчилиги астында ушул айда басып чыгара турган болууда. Ага коомчулук алдын-ала жазылып, каражат топтогон.

Маданият жана маалымат министринин орун басары Тамара Обозова Айтматовдун чыгармаларын басууга мамлекет атайын каражат бөлбөгөнүн моюнга алды:

-Биз андай план койгон эмеспиз. Каражат каралган эмес. Баарыбыз Акун Токтосартов менен сүйлөшкөнбүз,азыр 8 томдуктун редактурасын академия жасап жатат. Андан сырткары эч нерсе жок. Бизде такыр каражат жок.

Москванын сөзү ишке ашабы?

Кыргызстан калкы улуу жазуучунун 80 жылдыгын белгилеп жаткан күнү Москвада Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны болду. Жыйынга Кыргызстандан өкмөт башчы Игорь Чудинов баш болгон делегация катышты. Шериктештиктин жыйынына караганда, Кыргызстан үчүн маанилүү окуя Игорь Чудиновдун Россиянын өкмөт башчы
Владимир Путин, ага чейин энергетика министри Олег Шматко, финансы министри Алексей Кудрин менен жолугушууларында болду окшойт. Анткени бул жолугушууларда орус тарап мурда убада кылынган 2 миллиард доллар насыя ушул айда берилерин билдирген.

Ал тууралуу Кыргызстандын Россиядагы толук ыйгарым-укуктуу элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Владимир Владимирович Путин дагы бир жолу айта кетти, ушул жылдын аягына чейин ушу 2 миллиард доллар Кыргызстанга жетет деп. 300 миллион доллар бюджетке жардам иретинде берилет. 1 миллиард 700 миллион доллар Кыргызстандын энергетика, айыл чарбасынабы, өнөр жайынабы берилеби, муну биздин мамлекет чечет.

Элчинин сөзүнө караганда, 1 миллиард 700 миллион долларды бир тармакка бөлүү зарылдыгын эки тарап белгилешти. Ал тармак эң орчундуу болуп турган Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу болушу ыктымал.

Кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун басма сөз катчысы Айбек Султангазиев да сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгонун билдирип, элчи Аттокуровдун маалыматын тастыктады.

Россия 2 миллиард доллар насыя берүүгө убаданы дээрлик мындан эки жыл мурун берген. Ошондуктан азыркы сөздөргө да ишениш кыйын дейт “Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев:

- Биринчиден, мындан бир-эки жыл илгери эле бул маселе айтылган. Ошондон бери бул акча келген жок. Ошондуктан скептикалык маанайда калып, бул акча келгенде гана келди деп айтсак болот.Эгерде бул акча айтылган убагында келсе мүмкүнчүлүгү чоңураак болот эле. Бирок бүгүнкү күндө экономикалык кризис, анын чапкындысы Россияга өзгөчө эми башталып жатат.

Сарпашев мунайга баанын арзандашы Россиянын өзүн кыйын абалга салып, мүмкүнчүлүгүн азайтарын кошумчалады. Ушундай эле күмөнүн белгилүү саясат таануучу Валентин Богатырев да жашырган жок:

-Мен муну алдыга жылыш дей албаймын. Анткени мындай сөздөр мурда да айтылып келген. Путинден мурдагы мезгилден бери эле Россиядан келе турган инвестиция, анын ичинде Москва Камбар-Ата ГЭСтерин курууга катышат деген сөздөр айтылып келет. А бирок натыйжасын көрө элекпиз.Ошондуктан мен муну жөн гана саясий сылыктык иретинде айтылган сөз катары баалаймын. Анын үстүнө Россиянын азыркы абалы андай долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк бере бербейт.

Кыргызстан азыркы мезгилде Камбар-Ата 2 ГЭСин өз күчү менен куруп жатат. Ал үчүн быйыл бюджеттен 1 миллиард 200 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү. Бирок курулуштагы жумушчулардын айлык акысынын аздыгы олуттуу проблема болуп, алардын кетип калуусуна алып келатканы маалым.

Үстү ирим, асты шар агым

Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө бул жума салыштырмалуу тынч болгон менен түпкүрдө агымдар буркан-шаркан түшүп, өзгөрүүлөр болуп жатты.

Элдик революциялык кыймылдын лидерлери жума ичинде түштүк региондо, тактап айтканда Кара-Суу районунда, андан кийин Аксы районунда калк менен жолугушууларды өткөрүп, 20-декабрга белгиленген нааразылык акциясына даярдык көрүүнү улантты.

Кыймылдын андай активдүүлүгүнө бийлик тараптан ишемби күнү жооп болду. Бул күнү Элдик революциялык кыймылдын кеңсеси тартип коргоо органдары тарабынан тинтүүгө алынды.

Ал мыйзамсыз болгонун революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров билдирди:

-Санкция, токтому жок, же козгогон иши жок эле УКМКдан, прокуратурадан 13 киши келип, тинтүүгө алышты. Бул бийликти эл эмне үчүн жаман көрүп жатат, мына ушундай мыйзамсыз иштери үчүн. Органдар Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн бирөөсүнүн айтканын кылып калды. Бизде мыйзам, конституция жок болуп калды.

Расмий бийлик өкүлдөрү бул тинтүү боюнча маалыматын бере элек.

Ал эми талдоочулар бийликтин бул аракетин 20-декабрга белгиленген нааразылык акциянын алдында кыймылдын үшүн алуу аракети катары баалашууда.

Негизги оппозициялык күчтөрдүн лидерлери бул жумада сыртта сапарда болду. Маселен, “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов баш болгон оппозициялык саясатчылардын тобу АКШда болду. Алардын максаты 29-ноябрда оппозиция курултайында кабыл алынган Кыргызстандын жаңы бийлик концепциясын АКШ элитасына тааныштыруу экени айтылган.

Бул маалыматты жолугушууларга катышып жаткан Равшан Жээнбеков да тастыктады:

-Биздин оппозиция эки максатты көздөп келген. Биринчиси, оппозиция иштеп чыккан концепцияны Американын коомчулугуна жана маалымат каражаттарына, саясатчыларына тааныштыруу. Экинчиси, оппозиция лидерлери менен АКШнын Конгрессинде, Мамлекеттик департаментинде жана демократияны өнүктүрүү багытындагы институттар менен жолугушууларды уюштуруу. Бул максатта Өмүрбек Текебаев жума күнү Карнеги фондунда концепция боюнча сөз сүйлөдү.14-декабрда кыргыз оппозиционерлери АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү менен жолугушмакчы.

Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин сыртка сапары Түркия багытында болгонун жергиликтүү гезиттер жазып чыкты. Ал маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев жазгы саясий сезонго, анын ичинде 2010-жылы боло турган президенттик шайлоого кам көрүү максатын көздөп, сапарда жүрөт.

Акыркы мезгилде оппозицияны карай ыктай баштаган “Жаңы Кыргызстан” партиясынын ичинде кызуу талкуу жүрүп, аягында партия өз багыты менен кетүүнү тандаганы айкындалды. Маалыматка караганда, бул партия оппозициялык күчтөр менен кызматташууга, биригүүгө даяр. Бирок анда лидерлик “Жаңы Кыргызстанга” берилген шартта гана. Мындай шартка башка оппозициялык күчтөрдүн көнүшү өтө кыйын.

Оппозиция станындагы мындай абалды саясат таануучу Валентин Богатырев мындай баалады:

-Мен дайым ойлоп келгенмин, “Жаңы Кыргызстан” эч качан оппозиция менен бирикпейт деп. Биригүү башталса да оппозиция лидери ким болот дегенде ажырашып кетишет.Булар Бакиевге каршы чыгууда, анын позициясын алсыратып, мындан ары иш жүргүзө албай калды дегендей пикир жаратыш үчүн кызматташа алат. Анан эң башкы маселеге келгенде баары өз багыты менен кете баштайт. Анткени аларды бийлик үчүн күрөш гана бириктирип турат. А бийлик кимге тиет дегенде чачырап кетишет.


















  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG