Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Т.Тургуналиев: Бийлик Элдик революциялык кыймылдан коркуп жатат


Бул тууралуу билдирген аталган кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтымында, президент Курманбек Бакиевди кызматтан оодарабыз деген революциялык кыймылдын демилгесинен коркуп, бийлик ар кандай иш чараларды көрүүдө. “Кечээ (13-декабрда) Элдик революциялык кыймылдын кеңсесине улуттук коопсуздук кызматынын, прокуратуранын кызматкерлери жана милиция өкүлдөрү келишип мыйзамсыз тинтүү жүргүзүүсү элдин үшүн алып, оппозицияга бийликтин сес көрсөтүүсү”,- дейт Т. Тургуналиев. Кечээ Элдик революциялык кыймылдын иш кеңсесине шаардык прокуратуранын, коопсуздук комитетинин он чакты кызматкери жана алар менен кошо күбө катары үч киши келип, кеңсени толугу менен тинтип, видеотасмага түшүрүп кетишкен. Бишкек шаардык прокуратурасынан ишемби күн экендигин эскертип, оппозициянын иш кеңсесин тинтүүнүн себептери боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө беришкен жок. Топчубек Тургуналиев болсо бул маселе боюнча келерки аптада коомчулукка билдирүү жасап, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш аракеттерин токтотуусун талап кыла тургандыктарын билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG