Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Жакында балдарга арналган чыгармалардын конкурсу өз ишин баштайт


Бул туурасында “Азаттыкка” балдар жазуучусу Сулайман Рыспаев билдирди. Бөбөктөрдү кыргыз тилинде жазылган аңгеме-жомоктор менен камсыз кылуу маселеси апрель айында өкмөттүн жыйынында каралган жана анда бул багытта конкурс жарыялоо чечими чыгарылган. “Өкмөт жарыялаган сынакка ылайык, жаңы жылдан баштап кийинки жылдын июнь айына чейин балдарга арналган поэтикалык, кара сөз түрүндөгү чыгармалар жана мыкты котормолор тандалып алынат. Анан ар бир номинация боюнча 50 миң сомдон сыйлыктар берилет экен. Бул иш чара өзүнүн жыйынтыгын берет”, - дейт Сулайман Рыспаев. Эскерте кетсек, өткөн жылы мамлекеттик тил комиссиясынын демилгеси менен “Кубан бөбөк” аттуу жаш балдар үчүн китеп жарык көргөн. Бирок ал аз нускада жарык көргөндүктөн, элдин калың катмарына жетпей калган.(AzK)

XS
SM
MD
LG