Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Швейцариялыктар Ч. Айтматовдун мурасын окушат


Швейцариянын айтылуу «Юнионсферлаг» («Unionsverlag») басылмасы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата улуу жазуучунун чыгармаларынын алты томдугун немис тилинде чыгарды.

Көңүл бурчу нерсе, биринчи беш томдукка «Жамийла», «Кылым карыткан бир күн», «Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт», «Кызыл жоолук жалжалым», «Ак кеме» жана башка көпчүлүккө белгилүү аңгемелери менен повесттери кирсе, алтынчы томго Айтматов өзү жазган «Өмүр баяны», бүтпөй калган «Бахияна» романынан үзүндү, казак жазуучусу Калтай Мухаммеджанов менен чогуу жазган «Фудзиямадагы кадыр түн» драмасы, тилдин мааниси жөнүндөгү жана башка публицистикалык макалалары топтолгон.


Калың мукабалуу ар бир китептин сырткы бетин жазуучунун ар кайсы жылдары тартылган фото сүрөттөрү кооздоп турат. Алты томдук картон кутуга салынып, кутунун бир капталын Чыңгыз Айтматов өзү туулуп өскөн Шекер айылынын ак элечектүү байбичелери менен түшкөн сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми үстүнө «Айтылбай калган сөз өлөт» деген накыл сөзү жазылган.
XS
SM
MD
LG