Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

“ОшТВ” президентке арызданды


Мындай билдирүүнү телеканал бардык маалымат каражаттарына таратты. Анда кайрылууга ушул жылдын 5-декабрынан бери ОшТВ телеканалынын программаларынын көрсөтүлбөй жаткандыгы себеп болгондугу айтылат. Телеканал буга чейин Улуттук байланыш агенттигине кайрылып, техникалык кемтиктерди жоюуну өтүнгөн. Бирок, андан жооп ала албагандан кийин президентке кайрылууга мажбур болушкан. Телеканалдын арызын Навои атындагы өзбек маданий-улуттук борбору да колдогон. ОшТВ телеканалы Ош шаарында жайгашкан жана өзбек тилиндеги көрсөтүүлөрдү даярдап, программаларын Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагына таратат. (BD)

XS
SM
MD
LG