Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Бийлик оппозиция өкүлдөрүн камоого камынуудабы?


Оппозициянын өкүлдөрү “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев менен “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди камоого буйрук берилди деген маалымат таратышты. Эркин Бөлөкбаев “Азаттыкка” Бишкек шаардык прокуратура тарабынан өзүнө чакыруу кагазы келгендигин, бирок ага эмне себеп экендигин али билбестигин кабарлады. Ал эми Эмилбек Каптагаев өзүнө каршы 2004-жылкы иш боюнча козголгон кылмыш иши Каракол шаардык сотко берилгендигин, бирок сот баштала электигин билдирди. Анын айтымында, иш сотто карала электе аны камакка алууга мыйзамдык эч кандай негиз жок. Башкы прокуратуранын кызматкерлери бул маалымат боюнча түшүндүрмө беришкен жок.(BD)

XS
SM
MD
LG