Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Нарында адам укугун коргоо оорлоп бара жатат


Акыйкатчынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнө өткөн 11 айда кат түрүндө 100 арыз түшсө, оозеки кайрылуулардын саны 444 болгон. Арыздардын 36сы арыз ээлеринин пайдасына чечилген. Облустук деңгээлдеги бир мамлекеттик кызматкерге карата административдик жактан чара көрүү боюнча прокуратурага сунуш берилген. Мындай маалыматтар бүгүн «Адам укуктарынын жалпы декларациясынын» 60 жылдыгына карата өткөрүлгөн жыйында айтылды. Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн инспектору Тойгонбай Жаанбаев Нарында адам укугун коргоо оорлоп бара жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, сот жообуна тартылган Азиз Батукаевдин Нарындагы тергөө абагында кармалып турушу мыйзамсыздыктын көрүнүшү. Ал эми Нарын шаарындагы «Биримдик» коомдук бирикмесинин төрагасы Тойчубек Айдаралиев өлкөнүн акыйкатчысын президент Бакиевге жан тартууда деп белгиледи. (KUs)

XS
SM
MD
LG