Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Оппозиция лидерлеринин АКШдагы сапарынын максаты, натыйжасы тууралуу “Азаттыктын" суроолоруна Ө.Текебаев, А. Жекшенкулов жана Р. Жээнбеков жооп беришти.

“Азаттык”: АКШдагы сапарыңар дээрлик аягына чыгып калды. Силер көздөп келген максаттарыңарга жеттиңерби? Пландарыңыздар орундалып жатабы?

Өмүрбек Текебаев: Биздин максат - бириккен оппозиция жактырган Кыргызстандын келечектеги саясий системасынын концепциясынын бет ачарын өткөрүп, америкалык демократиялык коомчулукка тааныштыруу болгон.

Биз көптөгөн бейөкмөт уюмдар жана демократиялык институттар менен жолугуштук. Биз көтөргөн маселелерди алар түшүнүү менен кабыл алышты. Чындыгында эле Орто Азияда демократиянын өнүгүүсү өзгөчө тоскоолдуктарга учурап жатат, татаал шарттарда өтүп жатат. Түшүнүү менен мамиле жасашты. Мындан ары дагы Кыргызстан демократиялык уюмдар менен кызматташтыгын улантарын алар айтышты.

Экинчиден, биз чет элдик партиянын бюросун ачканбыз. АКШда кыргыз диаспорасы көбөйүп калган. Алардын сапаттык мүнөзү дагы өзгөргөн. Биз бир топ партиянын мүчөлөрү менен жолугуштук. Алар биз айткан программаларды талкуулашты. Негизинен биздин сапарыбыз өз максатына жетти деп ойлойм.

Кыргыз оппозициясынын сапары жемиштүү болду

“Азаттык”: Равшан мырза, сиздер менен жолугууга кимдер кызыкдар болду?

Равшан Жээнбеков: Мени бир таң калдырган бир нерсе болду. Сапарды уюштуруп жатканда мен бир топ кыйынчылыктар болот деп ойлодум эле. Бирок биздин бактыбызга жараша бүт бардык америкалык мамлекеттик жана демократиялык институттар абдан кызыгуу менен кабыл алышты. Өзгөчө биздин саясий лидерлерибиз Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев келет дегенде, бардыгы өздөрү сунуш кылып, сүйлөшүүлөр жүргүзүү үчүн идеялары менен чыга башташты.

Мисалы, кечээ ЭнДиАй өткөргөн тамакка чакырылдык, ал жерде бардык демократиялык партиянын лидерлери, ошондой эле Мадлен Олбрайт болду. Ал жерде Текебаев, Жекшенкулов жана мен Мадлен Олбрайт менен жолугушуп, Кыргызстандагы азыркы демократиялык кыйынчылыктарды айтып, алардын бир топ жылуу сөздөрүн уктук.

“Азаттык”: Равшан мырза, ошол АКШнын өкмөтү, Ак үй өкүлдөрү менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү болдубу?

Равшан Жээнбеков: Биз бардык АКШдагы чет мамлекеттер менен иштеген демократиялык институттардын өкүлдөрү менен жолуктук. Атап айтсак, NDI, Демократияны өнүктүрүү боюнча Америка фонду, жана АКШнын Борбордук Азиядагы саясатын колдогон, ошол мыйзамды ишке ашырып жаткан "Жибек жолу" комитетинин төрагасы Жозеф Пиц менен жолугуштук. Мындан сырткары бүгүн бир топ жолугушуулар күтүлүүдө. Мамлекеттик катчылык жана NDI президенти менен жолугушуу болот.
“Биздин АКШга сапарыбызга бийликтин алгачкы реакциясы байкалды”. Өмүрбек Текебаев.


“Азаттык”: Өмүрбек мырза, сиздердин АКШга жасаган сапар тууралуу ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Айрымдар оппозициянын бул сапары эртерээк же эртең жасалышы керек болчу деп айтып жатышат. Анткени силердин сапарыңар азыр мөөнөтү бүтүп жаткан президенттин кызматын тапшыруу менен, жаңы шайланган президенттин кызматка расмий келе элек мезгилине туш келди. Сапарыңарды эртерээк же кечирээк пландаштырсаңыздар болот беле?

Өмүрбек Текебаев: Негизинен биз өзгөчө керемет план коюп келген эмеспиз. Убагында келдик. Анткени Кыргызстандагы оппозициялык партиялардын демократиялык кыймылдардын көпчүлүгүнүн бир пикирге келген учурунда келип отурабыз.

Биз "Ата Мекен" партиясынын өкүлү катары эмес, Кыргызстандагы бир пикирге келген демократиялык коомчулуктун өкүлү катары келип отурабыз. Ошондуктан биз өз убагында келдик деп ойлойбуз.

Ал эми биздин сапарыбызга Кыргызстанда ар кандай баа берилүүдө. Бийликтин алгачкы реакциясы бизге белгилүү. Бул сапарды уюштурган Равшан Жээнбековго биз АКШга келгенден кийин эки күн өтпөй кошумча кылмыш иши козгоду. Сапар аяктаар алдында Аликбек Жекшенкуловго дагы кылмыш иши козголду. Мына ошентип бийлик эл аралык изоляцияда калганын, дүйнөлүк коомчулукту алдай албарын сезип жатышат.

Ошондуктан жан далбас кылып, саясий оппоненттерине кысым жасап, эркин массалык маалымат каражаттарына кысымын улантып жатат. Мына "Азаттык" үналгысынын программаларына цензура киргизип, редакциялайбыз деген шылтоо менен аны чыгарбай койгондун өзү эле буга чоң далил.

Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн айырмасы тууралуу

“Азаттык”: Аликбек мырза, сиз Кыргызстандагы дипломатиялык мекемени бир топ жыл жетектеп келген элеңиз. Буга чейин эле Кыргызстан менен АКШ ортосунда расмий бийлик болобу, же эл аралык байланыштарбы, өкмөттүк эмес же академиялык уюмдар болобу, булардын ортосунда байланыштар болуп келген. Бул жолку силердин сапарыңардын өзгөчөлүгүн айта аласызбы?

Аликбек Жекшенкулов: Сиз туура айттыңыз. Биринчиден, мен Өмүрбек Чиркешовичтин жообуна дагы кошумчалап өтсөм. Биз абдан жакшы убакытта келдик. Биринчиден, Өмүрбек мырза айткандай жалпы оппозиция биригип, бир пикирге келдик.

Экинчиден, өткөөл аминистрация деп коет. Ошол өткөөл администрация кийинки жылы келе турган Обаманын жаңы администрациясынын стратегиясын аныктайт. Ошол стратегиясын аныктап жатканда биз келип, Кыргызстанда болуп жаткан саясий-экономикалык абалды, өзүбүздүн көз-карашыбызды, жөн эле бийликти сындабастан, реформа өткөрүш керек, эл үчүн иштеш керек, жаңы системаны уюштуруш керек, экономиканы оңдош керек деген сунуштар менен келдик.

Үчүнчүдөн, сиз айткандай, албетте эгемендүү өлкө болгондон бери АКШ биздин эгемендүүлүктү абдан жакшы колдоп келген. Азыр деле колдогондой болуп атат. Бирок, тилекке каршы, жаңы бийлик келгенден кийин өзгөчө акыркы бир жарым жылда мамиле өтө начар жагына өзгөрүп кетти.

Равшан Жээнбеков: Мен дагы бир нерсени айткым келет. Оппозициянын келиши үчүн учур туура беле, же жок беле деген суроого мындай деп жооп берет элем. Биринчиден, АКШда Кыргызстандагыдай болуп президент келсе, анын тууган-уругу, бала-чакасы келип бийликти басып алган өлкө эмес. АКШ бул институттары бекем орногон, президент же өкмөт алмашса дагы тышкы жана ички саясаты оңой менен өзгөрбөй турган мамлекеттердин бири.

Оппозиция канчалык ынтымактуу?

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, бириккен оппозиция деген ким жана кимдер бул концепцияны түзүүгө катышты?

Өмүрбек Текебаев: Кыргызстандагы реалдуу таасири бар, саясий партиялардын, саясатчылардын көпчүлүгү, буга 20дан ашык партиялар жана коомдук уюмдар кол койгон. Жакында өткөн республикалык чоң курултайга катышкан саясатчылар, саясий уюмдар дагы бул концепцияны колдошту. Албетте концепция менен бардык эле демократиялык, оппозициялык күчтөр макул эмес. Өз көз-карашы бар топтор бар. Бирок биз негизги саясий күчтөрдүн колдоосуна жетиштик деп айтсак болот.

“Азаттык”: Кыргыз коомчулугун түйшөлткөн дагы бир маселе тууралуу сүйлөшсөк. Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр өз ара бир пикирге келе албай, бир көз-карашы жок дешет...

Өмүрбек Текебаев: Көз-караштар ар кандай. Бул табигый нерсе. Бирок негизги маселе боюнча - мыйзамдуулукту калыбына келтирүү, мамлекеттик бийликке ишенимди калыбына келтирүү, үй-бүлөлүк криминалдык башкаруу системасынан кутулуу маселелеринде бардыгыбыздын позициябыз бир. Бардыгыбыздын умтулуубуз, аракетибиз бир.

“Азаттык”: Кыргызстандагы оппозициянын активдүү мүчөлөрүнүн лидерлеринин АКШга келиши менен оппозициялык күчтөрдүн бардыгын бириктирген бир лидерди күтсөк болобу?

Равшан Жээнбеков: АКШга келип, Карнеги фондунда мамлекеттик жана демократиялык институттар менен жолугушканыбыз жана Колумбия университетинде "Ата мекен" партиясынын лидеринин лекция окуганы биз үчүн чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Анткени кыргыз оппозициясы тарыхта биринчи жолу АКШга келип, лекцияларды окуп, жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул оппозициянын өскөнүн көрсөтүп жатат.
“АКШ менен Кыргызстандын саясий системасынын айырмасы асман менен жердей”. Равшан Жээнбеков


Ал эми келечекте кайсы лидерди алып чыгабыз, албетте, бул биздин коомдогу жүрүп жаткан эң маанилүү процесстердин бири. Мен ойлойм, мамлекетибиздин, улутубуздун кызыкчылыгын жана бүгүнкү кландык-криминалдык бийликтен кутулууну аракет кылган бардык прогрессивдүү күчтөрдүн чыгара турган жыйынтыгы деп эсептейм. Биз жакын арада сөзсүз түрдө бир лидерди алып, ошол азыр болуп аткан криминалдык үй-бүлөгө каршы сөзсүз өз сөзүбүздү айтабыз.

Бир лидерди аныктоо мезгили жеттиби?

“Азаттык”: Ким лидер болот? Сиздин араңыздан болобу, же сиздер көздөп жүргөн дагы бир башка саясатчы барбы?

Равшан Жээнбеков: Жок мен антип айта албайм. Азыркы бардык социалдык сурамжылоолор боюнча "Ата мекен" партиясы" биринчи орунда. Сурамжылоолор боюнча Өмүрбек Текебаев азыркы күндө биздин бир лидер катары, же улуттук лидер катары өсүп жетилди деп айта алам.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, ушул оппозициянын атынан улуттук лидер катары чыгуу сунушун кабыл аласызбы?

Өмүрбек Текебаев: Бирдиктүү жалгыз лидер боюнча маселе көптөн бери көтөрүлүп жатат. Биз буга кылдаат мамиле кылып жатабыз. Анткени эрте жарыялап жиберсең бирикпеген адамдарды чачып алышың мүмкүн. Кеч жарыяланса таптакыр кеч болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан тарыхый кырдаалды карап, ар бир саясий партиянын, саясатчылардын пикирин эске алуу менен бул маселе чечилиш керек. Ошондуктан тиги же бул багытта ачык бир ойду айтуу эртелик кылат.
“Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаев улуттук лидер болууга татыктуу”. Аликбек Жекшенкулов


“Азаттык”: Мен суроону жеке сизге берип жатам. Эгерде сизге улуттук лидер болуп берүү сунушу түшсө кабыл аласызбы?

Өмүрбек Текебаев: Биз кырдаалды күтүп, оппозиция күчтөрүнүн бирдиктүү чечимин угушубуз керек деп ойлойм.

Аликбек Жекшенкулов: Мен ойлойм, бул жерде саясий кырдаал абдан олку-солку болуп турат. Бийликте болсо дагы, оппозиция ортосунда дагы бириктирүү процесстери болуп жатканда абдан кылдаат мамиле жасаш керек.

Бул жерден мен Равшанды колдойт элем. Бүгүнкү күндө бардык социалдык сурамжылоолор боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев алдыда баратат. Элдин арасында дагы пикир ошондой. Бүгүнкү күндө Өмүрбек мырза татыктуу. Калганын убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG