Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Орусия менен Грузиянын сүйлөшүүлөрүндө жылыш аз


Эки тараптын ортосунда августа болгон согуштан кийин Кавказда туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы кечээ Женевада аяктады. Сүйлөшүүлөргө Орусия менен Грузиядан тышкары АКШ, Еврошаркет, ЕККУ, БУУнун, ага катар Грузиядан ажырап кеткен Абхазия менен Түштүк Оссетиянын өкүлдөрү катышты. Еврошаркеттин өкүлү Пьер Морелдин билдиргенине караганда, соңку сүйлөшүүлөр "конструктивдүү маанайда" өттү, бирок олуттуу жылыш болгон жок. Тараптар Түштүк Осетия менен Абхазияга жакын аймактарда куралдуу жаңжалдардын алдын алуучу механизмдерди түзүү боюнча мунаса таба албады. Мөөнөтү так белгиленбегени менен качкындарга жардам жеткирилишине жол ачууну макулдашты. Тараптар эми февралдын 17-18синде жолугат.

XS
SM
MD
LG