Гидротүйүндүн курулушу менен бүгүн облустун аксакалдары, район шаарлардын жетекчилери таанышты. Алар күйүүчү май, электр шамы, курулуш материалдары түрүндө 3 миллион сомдук жардам көрсөтүштү. Жумушчулар жер алдындагы казуу иштеринин татаал экендигин жана жогорку чеберчилиги жок жарандарга айлык аз төлөнүп жаткандыгын билдиришти. Өнөрпоздор энергетиктерди куттуктап, оюн-шоокторун тартуулашты. Курулуштун алдыңкыларына облбийликтин ардак грамоталары тапшырылды. Эл арасында электр жарыгынын улам өчүрүлүп жатканына кабатыр жана нааразы сөздөр айтылууда. (YA)