Насыя берген өлкөлөрдүн Париж клубу Ирактын бул уюмга карызынын 80 пайызын кечти. Париж клубу Ирактын карызын кечүүгө 2004-жылы убада берген. Дүйнөнүн өнүккөн 19 өлкөсү мүчө болгон Париж клубуна Багдад 40 миллиард доллар карыз болчу. Эми карыздын суммасы сегиз миллиард доллар болуп калганы кабарланууда.