Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Жалал-Абат шаар бийлиги Чыңгыз Айтматовдун атын коюу демилгесин көтөрдү


Шаардык мэриянын жыйынында эл жазуучунун ысымын социалдык мааниси бар имарат-жайлардын бирине берүү маселеси козголду. Демилгени чогулушка катышкандардын баары кубатташканы менен Чыңгыз Айтматовдун ысымын кайсы жерге берсек деген суроо талаш жаратты. Натыйжада маселени изилдеп чыгуу жагы жаңы түзүлгөн комиссияга тапшырылды. Облустун борборундагы көптөгөн көчөлөргө орус акын жазуучулары менен согуш баатырларынын ысымы жана Кыргызстанды дүйнөгө Чыңгыз Айтматовчолук тааныта албаган, жергиликтүү мааниде кызмат өтөгөн кишилердин аттары коюлган. Мурда узундугу эки чакырымга жетпеген көчө жазуучунун энеси Нагима Айтматованын ысымы менен аталып калган. (YA)

XS
SM
MD
LG