Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Кыргыз өкмөтү Өзбекстан менен газ баасын бычат


Бүгүн Энергетика жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдов баштаган өкмөттүк делегация Өзбекстанга газ боюнча сүйлөшүүгө жөнөйт. Өкмөттөр аралык макулдашуу боюнча Өзбекстан Кыргызстанга зарыл газды берип, жайында 600 миллион кубметрлик сууну алышы керек. Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун айтымында, делегация газдын баасын мурдагы калыбында сатып алуу маселесин коет. Анткени, Өзбекстан газдын баасын эмне себептен эки эсе көтөрүп жатканы белгисиз. Кыргыз өкмөтү өткөн жылы да ушул маселени көтөргөндө алар дүйнөлүк формулага байлап, мунайдын баасынын өскөндүгү менен негиздеген. Быйыл болсо мунайдын баасы түшүп жатат деген өкмөт башчы өзбек тарап дүйнөлүк формула менен эсептешүүгө тийиш экендигин белгиледи.(BD)

XS
SM
MD
LG