Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Манастагы америкалык база сууну Өзбекстандан сатып ичет


Бул тууралуу “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев бүгүн парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, алар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун жетекчилиги астында Манас аба майданында жайгашкан коалициялык күчтөрдүн базасында жакында эле болуп кайтышты. Анда маалым болгондой, база үчүн 20 миллион долларлык тамак-ашты тыштан сатып келишет. Маселен, сууну Өзбекстандан сатып келишет. “Өзбекстанда суу Кыргызстандагыдан тазабы”,- деген суроону койгон депутат Наргозуев, өкмөт базага кыргыз азык-түлүгү менен камсыздоону чечип, экспортту көбөйтүүгө салымын кошуш керек деген пикирин билдирди. Базанын кызматкерлери депутаттар менен жолугушууда ага негизинен макулдугун беришкен.(AiT)

XS
SM
MD
LG