Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Украинада 26-декабрь аза күтүү күнү катары жарыяланды


Өлкө президенти Виктор Ющенко аза күтүү күнүн Крымдагы Евпатория шаарында орун алган кайгылуу окуядан кийин жарыялады. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги жарылуудан 19 адам каза тапкан, дагы кеминде ону дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө. Кырсык болгон жерге бүгүн президент Ющенко менен премьер- министр Тимошенко чогуу келишти. Тимошенконун кабарчыларга билдиргенине караганда, баштапкы маалыматтар боюнча кырсык имараттын жер төлөөсүндө кычкылтек же ацетилен куюлган баллондор жарылуусунан улам болду. Жарылуудан беш кабаттуу турак үйдүн 35 батири кыйраган.

Орусия президенти Дмитрий Медведев кырсыкка байланыштуу Украинага көңүл айтып, Кара деңиз флоту куткаруу иштерине жардам көргөзүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG