Нарын гидрометереологиялык борбордун техникалык кызматкери Анара Турумбекова билдирген маалымат боюнча, Нарын районунун чыгыш алкымындагы Эки-Нарын айылына кар бир метрге жакын түшкөн. Ал эми ушул эле райондун Ийри-Суу айылына кар оор түшкөндүктөн автоунаа катышы кыйындагандыгын, жол күрөлө электигин айыл тургундары билдиришүүдө. №3-унаа жол өндүрүштүк-линиялык башкармалыгын жетекчиси Өмүрбек Турдумамбетов учурда жолдорду күрөөдө башкармалык боюнча 7 грейдер иштеп жаткандыгын, айрым айылдар аралыгы экинчи курдай тазаланууда экендигин билдирди. Ал эми Нарын шаарында кардын калыңдыгы 20 сантиметр болсо, Ат-Башы районунун акими Конокаалы Мааткабылов райондун чыгыш ыптасына 30 сантиметрге чейин кар түшкөндүгүн телефон аркылуу маалымдады. (KUs)