Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

К. Абдымен: Куралдуу күчтөр саясий чараларды көрүүгө укук алды


Мындай пикирин саясат таануучу Кубан Абдымен Жогорку Кеңеш 26-декабрда кабыл алган “Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы редакциясындагы жобо менен байланыштырды. Саясат таануучунун баамында бул - расмий укугу бар саясий күчтөрдүн өз бийлигин коргоо аракети.

Мыйзамда куралдуу күчтөр адамдын саламаттыгын, аброюн коргоо жаатында ички иштер кызматына кол кабыш кылары тууралуу жобо бар. Парламентте Социал-демократтар фракциясы муну тышкы коопсуздукту сактай турган аскер күчтөрүн ички саясатка аралаштыруу катары баалаган. Коргоо министри Бактыбек Калыев парламентте бул берене ички саясий маселелерди чечүүгө колдонулбайт деп билдирд. Аталган мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. (BuS)

XS
SM
MD
LG