Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бүгүн Бириккен Элдик кыймылынын Саясий бюросу жыйынга чогулат


Анда БЭКтин мындан аркы иштерин уюштуруу маселелери тууралуу сөз болот. Мындан тышкары БЭКтеги Улуттук кеңештин январь айынын алгачкы жумасында өтүүчү отурумуна даярдык боюнча маселелер каралып, отурумдун боло турган күнү аныкталат. Бириккен Элдик кыймылынын Саясий бюросу алгачкы отурумун өткөн ишембиде өткөргөн.

Курамына оппозициялык 7 саясий партия, 4 кыймыл, Коомдук парламент кирген Бириккен Элдик кыймыл 24-декабрда түзүлгөн. Кыймылдын жетекчи органдары болуп Улуттук Кеңеш менен Саясий Бюро эсептелет. Улуттук Кеңеш –кыймылдын башкы органы, ал эми Саясий Бюро –кыймылдын жетектөөчү жана иш-аракеттерди уюштуруучу органы. Бириккен Элдик кыймылдын негизги талаптарынын бири –президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG