Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

О. Каратаев: Кыргыз тарыхын тактап жазуу - президенттин демилгеси


Жаңы кыргыз тарыхын жазуу учурда тарыхчы-окумуштуулардын башкы түйшүгүнө айрылууда. Бул маселеге көңүл бурууну сураган кайрылууну өткөн аптада демилгечилер президентке, парламентке, өкмөткө жиберишти. Бул маселенин чоо-жайын билүү үчүн “Азаттык” тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаевди маекке чакырды.

- Бизге жеткен маалыматтарга караганда илимий чыгармачыл топ учурда кыргыздын 15 томдук жаңы тарыхын жазууга киришип жаткан экен. Бул демилге Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле ар кандай жагдайларда көтөрүлүп келатат. Бүгүн ушул маселенин кабыргасынан коюлуп жатышына кандай шарттар түрткү болду?

- Бул өзү кыргыз тарыхын кайрадан карап чыгуу азыркы 18 жылдык эгемендиктин шартында негизги маселелердин бири болуп калды дагы, ушул жылдын башында өткөн жылдын аягында эле Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Салиевич Бакиевдин жеке демилгеси жана колдоосу астында жүрүп атат. Анткени бул мамлекеттик чоң иш катары эсептейбиз. Анткени бул мамлекеттин, кыргыз элинин тарыхы.

Ошондой эле Кыргызстандын жалпы 2200-жылдан ашуун тарыхын чагылдырган фундаменталдуу жана академиялык илимий басым болуп калат. Мунун өзү Кыргыз Республикасынын башчысы, президенти тарабынан колдоого ээ болушу бул өтө маанилүү болуп эсептелет. Ал эми муну жазууга бир гана кыргызстандык эмес, Кыргызстандан, Чехиядан, Франциядан, Казакстандан, Орусиядан окумуштуулар катышышат.

-Кыргыз таануучулар чын эле тартылабы деген суроомо алдын алып жооп бердиңиз. Авторлор кимдер негизи?

- Бул авторлор негизинен 95 пайызы тарыхчылар болот, мындан сырткары саясат таануучулар, философтор, кыргыз тили боюнча адистер жана башкалар кирет. Жалпысынан 9 өлкөнүн окумуштуулары катышат буга, жалпы эсеби 248 изилдөөчү болот биздин алдын ала эсептөөлөр боюнча. Ал эми бир китептин жалпы көлөмү 800-1000 бетке чейин болот, 100 бети иллюстрациялар болот.

Мындан сырткары жалпы 15 томдуктун 10 тому академиялык илимий басылма, ал эми калган 5 тому бул Кыргызстандын тарыхы боюнча тарыхый булактар, тарыхый документтерди чагылдырган томдуктардын жыйнагы болуп эсептелет. Мындан сырткары, биз азыркы монография тилинде жазылган окуу китептерин алыстап тарых адистиктери боюнча эки томдук, ал эми тарых эмес адистеринде окуган жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн дагы бир томдук академиялык эмгекти даярдаганы жатабыз.

-Менин түшүнгөнүмө караганда улуттук ишмерлерден тышкары дагы чет өлкөлүтөр тартылат экен да жардамга. Бул жерде, албетте, бул маселени каражатсыз ишке ашыруу оңой эмес, азыр кризис деп турган кезде өкмөттөн колдоо болор бекен, же башка жактан кандайдыр бир колдоо болушу мүмкүнбү?

-Биз коомдун өкүлдөрү бул боюнча атайын чакырык менен чыгышкан. Бирок биздин мамлекеттин башчысы муну толук финансылык жактан колдоого алам деп макулдугун берген. Ошондуктан президенттин администрациясы, иш башкармалыгы жана жеке өкмөт буга ар тараптан колдоо көрсөтөт деп ойлойм. Анткени бул өтө деле арзанга турбаган долбоор эмес. Ал долбоордун жетекчиси катары мен мамлекет, өкмөт, президенттик администрация тарабынан толук камдуу колдоо болот деп толук ишенем.

-Бул долбоор, китеп жазуу качан башталат, качан бүтөт?

- Негизинен томдуктардын авторлору, редколлегия, редакциялык кеңештин бардыгы түзүлүп бүттү. Тапшырмалар берилди, булар жазыла баштады. Айрым финансылык жана уюштуруу масеелелери бар. Ошолор чечилип калса, буюрса жаңы жылдын башынан баштап жаза баштайбыз, ар бир автор менен келишим түзүүнүн негизинде жана убакытты карап анан убакыттын белгилүү бир чегинде жасаганга, аткарганга аракет кылабыз.

-Канча убакытты талап кылышы мүмкүн, болжол менен айта аласызбы?

- Болжол менен ушул жылы 4-5 томдукту чыгарууга аракет кылабыз. Анткени жыл жаңыргандан кийин кийинки жаңы жылда элдик ыңкылаптын 5 жылдыгы болот, ошол 5 жылдыкка аябай чоң белек болуп калабы дейбиз. Андан тышкары февраль, март, апрель айларында эки чоң эл аралык конференция өткөргөнү жатабыз. Бул эл аралык конференцияда кыргыз тарыхынын урунттуу окуяларына, негизги маселелерге өзгөчө баа берилип жана саясий баа берилет го деген оюбуз бар.

- Негизинен жалпылап болжолдуу каржылык эсеп барбы, ушуга канча каражат кетет экен?

- Азыр айтылып атат, бирок аны дагы адистер, атайын администрациянын өкүлдөрү эсептеп атышат. Бирок азыр толук айтууга мүмкүн эмес. Бирок бир эле китептин жеке басылып чыгышына 3 млн. сомдун тегерегинде болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG