Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Көгүлтүр отундун миң кубометри 240 долларга бааланды


Бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү 31-декабрдагы сүйлөшүүлөрдө жетишти. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин мааалыматы боюнча быйылкы жылы Өзбекстандан 650 млн куб метр газ сатылып алынат. Буга чейин өзбек тарап көгүлтүр отундун миң кубометрине 300 доллар сурап, андан кийин 250 долларга чейин төмөндөткөн. Акыркы сүйлөшүүлөр учурунда кыргыз энергетиктери бааны дагы 10 долларга чейин ылдыйлатууга жетишти. Өткөн жылы Кыргызстан Өзбекстанга газдын миң кубометри үчүн 145 доллардан төлөп келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG