Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Газдын быйылкы баасы 8-январда дайын болот


Мындай маалыматты "Азаттыкка" “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз катчысы Айзада Тойгонбаева билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандан быйыл газдын миң кубметрин 240 доллардан алуу келишими түзүлгөндөн кийин азыр Энергетика жана отун ресурстар министрлиги газ баасынын кардарлар үчүн канча болорун тактап жатат. Ал министрликтин токтому менен бекитилгенден кийин 8-январда жарыяланат. Андан тышкары министрлик менен "Кыргызгаз" ишканасы газ эсептегичтерди койдурбай жана газ акысын төлөбөй жаткан кардарлардын аты-жөнүн коомчулукка жарыялоого камданып жатат. Себеби, хан сарайдай чоң үйлөрдө турган адамдардын көбү эшиктерин ачпай, эсептегичтерди койдурбай коюшкан.(BD)

XS
SM
MD
LG