Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Пакистан: Жаңы жыл катаал эрежелер менен башталды


Жаңырган жылда Пакистандын батышындагы пуштун чек ара аймактарында ичимдик ичкен, же кыздарын мектепке жибергендер өлүм жазасына тартылуу коркунучуна туш келишүүдө.

Жаңы эрежелер бул аймактардын кокту-колотторунда өз таасирин жайылткан талиптердин канчалык күч алгандыгын айгинелейт. Алар айрым оодандарда куралдуу күчүнө таянып, иш жүзүндө жергиликтүү расмий бийликтерге катарлаш өз бийлик органдарын түзүп алышкан.

Пакистандын Ооганстан менен чек арасындагы аймактарда жаңырган январь айы катууланган жаңы эрежелер менен башталды. 2-январдан тартып, бул жакта аялдарга сүрөтү бар документ алып жүрүүгө, ал эми жесирлерге бийликтен гуманитардык жардам алууга тыюу салынды. ДВД дисктерин сатканга жана телевизор көргөнгө болбой турган болду. Айрым жерлерде мындан ары аялдарга дүкөндө соода кылганга уруксат жок.

5-январдан тартып, ошондой эле кыздар менен балдардын чогуу окушуна жана ичимдик ичүүгө чектөөлөр күчөтүлдү. Бул жаңы өкүмдөрдү бузгандарга карата өлүм жазасы колдонулмакчы.

Жаңы эрежелер бул аймакта исламдык шарият мыйзамдарын карманган жергиликтүү талибдер тарабынан киргизилип жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, талиптер өз таасирин Пакистандын Түндүк-Батыш Чек ара провинциясына толук жайылтуунун аракетинде болуп жатат. Аталган провинциянын билим берүү министри Сардар Хуссейн Бабак Азаттыкка талибдер шариятты элдин жүрөгүнүн үшүн алуунун куралына айландырып жатышканын мындайча билдирди:

- Мен сурайт элем, адам баласын өлтүрүү шариятта каралганбы? Мектептерди жабуу шариятка туура келеби? Шариятта ДВД дискин саткан дүкөндөрдү өрттөш керек деп айтылганбы? Булардын баары динге жана шариятка жамынгандардын биздин элге каршы карамүртөздүгү".

Буга чейин жергиликтүү эл эскичил салттарды туура көргөндүктөн, талиптер ушундан пайдаланып жатат деп айтышчу. Бирок Исламабаддагы жеке менчик Изилдөө жана Коопсуздук борбору жүргүзгөн иликтөө кырдаал бөлөк экендигин көрсөттү. Суралгандардын 90 пайыздан ашыгы кыздардын билим алуусуна тыюу салып, кино-тасмаларды саткан дүкөндөрдү өрттөгөн талибдердин зордукчулдугуна нааразылык билдиришкен.

Талиптер Пакистандын батыш чек ара аймактарында кокту-колотторду көп жылдардан бери көзөмөлдөп турушат. Бирок кийинки кездери алар өздөрүнчө бийлик органдарын түзүп, расмий бийликти колго алуунун далалатын күч алдырышты.

Чек ара провинциясынын өкмөтүндө элдештирүүчү элчи болуп кызмат өтөгөн Афрасиаб Хаттактын айтымында, талиптер ара күчтүн аркасы менен салыктарды көтөрүп, билим берүүнүн нормаларын өзгөртүүнүн, ошондой эле өздөрүнүн исламдык сот жана түрмө системасын түзүүнүн аракетинде болуп жатышат:

Иш жүзүндө, мындай катарлаш бийлик системасы түзүлгөн. Анын борбору Вазиристан уруу ооданында. Ал азыр бардык уруу аймактарына жайылып жатат. Буга Сват ооданын мисалга келтирсек болот.

Элчи айткан Сват ооданында жергиликтүү талиптер кеңеши декабрдын айагында бардык кыздарга окууга тыюу салган, бирок башка талип фракцияларынын нааразылыгынан кийин, бул чектөө жумшартылып, кыздарга жалаң кыздар окуган мектептерде гана 9 жашка чейин билим алууга уруксат берилген.

Жалпысынан бул аймактарда талиптер айрыкча кыздардын билим алуусуна кастарын тигизээри маалым. Провинциянын билим берүү министри Бабактын эсебинде, талиптер мында 165тен ашык мектепти өрттөп, же жардырып жиберишти. Алардын басымдуу көпчүлүгү кыздар үчүн мектептер болду.

XS
SM
MD
LG