Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:29

Быйыл жумушчу күчүн экспорттогон өлкөлөр үчүн катаал жыл болот


Ушундай мазмундагы макала казакстандык “Gazeta.kz” интернет басылмасында жарыяланды. Макалада айтылгандай, Орусия жана Казакстан 2009-жылы эмгек мигранттары үчүн берилүүчү квотаны азайтты. Ошого байланыштуу аталган өлкөлөргө эң эле көп жумушчу күчүн жиберген Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга оор болот. Бул мамлекеттер эми миллиондогон мекендештерин иш менен камсыз кылуу маселесин чечүүсү зарыл. Алгач Орусияда 2009-жылы эмгек мигранттарына берилүүчү квота 3,7-3,9 миллион деп айтылып келсе, эми ал дээрлик эки эсеге кыскарды. Эки өлкөнүн сырттан келген жумушчу күчкө берилүүчү орундарды кыскартуу чечими дүйнөлүк каржы кризисинин аларга тийгизген таасиринен улам болгону айтылууда. (MSu)

XS
SM
MD
LG