Исанын туулган күнүнүн урматына бүгүн эртең менен христиандардын Бишкектеги борбордук православ чиркөөсүндө экинчи ирет жалпы сыйынуу (литургия) болду. Майрамдык алгачкы сыйынуу кечээ болгон. Ушундай эле кудайга жалынуулар жер-жерлердеги сыйынуу үйлөрүндө өтүп жатат. Исанын туулган күнүнө карата президент Курманбек Бакиев буга чейин кыргызстандык жалпы христиандарды куттуктады. Бул күн Кыргызстанда иш күн деп эсептелбейт. (BuS)