Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Коомдук ордо кеңешке мүчөлөрдүн тизмеси 20-январга чейин сунуш кылынат


Президент Курманбек Бакиевдин Ордо кеңеш (коомдук палата) түзүү жөнүндөгү жардыгында бул милдет уюштуруу комитетине жүктөлгөн. Уюштуруу комитетинин башында мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу турат. Ордо кеңештин курамына мамлекеттик кызматтарда иштебеген коомдук ишмерлер, саясий партиялардын, жарандак коомдордун өкүлдөрү мүчө боло алышат. 45 өкүлдөн куралган Ордо кеңеш мамлекеттик бийлик менен өз алдынча башкаруу органдарынын алакаларын, адам укуктарын, эркиндиктерин камсыздайт. Ал республикалык бюджеттен жана эл аралык жардамдардын эсебинен каржыланат. Оппозициялык саясатчылар болсо Ордо кеңешти президенттик шайлоого камылга көрүү максатында түзүлгөн “кол бала” уюм катары сындап келатышат. Президент Ордо кеңеш түзүжөнүндөгү жардыкка 1-декабрда кол койгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG