Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

"Кыргызгаз" Кыргызстандын өзбек газын сатып алуунун жаңы шарттарын айтып берет


“Кабар” агенттигинде өтүүчү маалымат жыйында “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев газ боюнча Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берет. Буга чейин кабарларда айтылгандай, быйыл Кыргызстан Өзбекстан менен газдын миң куб метрин 240 долларга сатып алууну макулдашты. Маалыматка караганда, быйыл Өзбекстандан 650 млн куб метр газ сатылып алынат . Алгач өзбек тарап көгүлтүр отундун миң кубометрине 300 доллар сурап, андан кийин 250 долларга чейин төмөндөткөн. Эми газдын баасы мурунку жылга салыштырмалуу 100 долларга кымбаттагандан кийин кардарлар үчүн газдын баасы канча болоору да бүгүн аныкталаары күтүлүүда. (MSu)

XS
SM
MD
LG