Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Жогорку Кеңештеги комунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев “Азаттыктын” таңкы маегинде партиялык тизме менен шайланган парламент, оппозиция, парламенттик азчылык тууралуу кеп салып берди.

- Исхак мырза, сиз Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштагы депутаты болдуңуз. Толук партиялык тизме менен келген парламенттин ишке киргенине болсо бир жыл болду. Бул парламенттин ишине сиз фракцияны жетектөө менен катышып жатасыз. Ушул мезгилдин ичинде партиялык тизме менен келген парламент өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтө алдыбы?

- Баштапкы бир жылдын жыйынтыгын карасак, менимче туура эле жол менен баратабыз. Партиялык принцип менен парламент куралганы абдан жакшы. Биринчи жылы баарыбыз жаңы принцип менен иштөө кандай экенин үйрөнүп жаттык. Эки фракция азчылыкты түзүп турса да жалпысынан ушул багытта өнүгүшүбүз туура экенин көрсөттү.

- Кемчиликтери барбы, маселен региондордун үнү угулбай калып дегендей?

- Бул жагында кемчиликтер жок. Анткени кандай болгон күндө да ар бир депутат кайсы жерде төрөлгөн болсо, кайсы жерде иштеп жаткан болсо, каалайбы-каалабайбы ошол жердин өкүлү болуп чыгат. Бирок мурункудай эл өкүлдөрү болгондой бир райондун депутаты өзүнүн районунун кызыкчылыгына чуркаган көрүнүш жок. Депутаттар көбүрөөк мыйзам чыгаруу жагына ооп, ошол багытта иштеп жатышат.

- Исхак мырза, өзүңүз да айта кеттиңиз парламентте азчылыкты түзгөн эки фракция жөнүндө. Коммунисттик жана социал-демократиялык фракциялар чечүүчү маселелер боюнча добуш берүүгө келгенде азчылык болуп, өз таасирин тийгизе албай калып жатышат. Мына ошол үчүн оппозицияга кандайдыр бир кошумча кепилдиктер берилиш керекпи?

- Ошондой берилсе жакшы болот эле. Кээ бир мамлекеттерде ошондой мүмкүнчүлүк берилген. Азчылыкты түзгөн фракцияларга, же оппозициялык партияларга мыйзам жолу менен мүмкүнчүлүктөр кеңейтилип берилген. Бирок бизде Кыргызстанда ал маселе чечилбейт. Анткени бүгүнкү күндө көпчүлүктү түзгөн фракция андай мыйзамдарды кабыл албайт. Эч ким бийлик менен бөлүшкүсү келбейт.

Экинчиден, ошол эле оппозицияны идеологиянын негизинде турган оппозиция деп айтыш кыйын. Саналуу эле адамдар бар идея үчүн, саясий багыт үчүн каршы чыккан . Көпчүлүк учурда бийлик үчүн эле күрөш болуп жатат. Эгерде азчылыкты түзгөн фракцияларга добуш берүүдө өз салымын кошконго кандайдыр бир мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болмок. Бирок аны турмушка ашыруу кыйын.

- Оппозиция темасына өтө баштадык, мына оппозиция бир лидердин эмес, бир уюмдун айланасында бирикти. Анын келечегине кандай карайсыз?

- Келечегин айтыш кыйыныраак. Бирок кошулганы алга карай бир кадам десек болот. Коомдун өнүгүшүндөгү бул кадимки көрүнүш. Анткени оппозиция болгондон кийин алар бир учурда биригет. Ал эми бириккен уюмда бир жетекчи болуш керек. Мен ойлоп жатам, жетекчи ким деген маселе эң оор болуп, айрыкча Кыргызстанда кыйын болуп, кыймылдын келечегин кең кылбайт. Сөзсүз бир лидер болуш керек.

- Парламент өткөн жылы катардагы аскерлерди митинг, нааразылык акциялар учурунда пайдалануу боюнча мыйзам кабыл алды. Бул аскердик диктатурага алып келет деген сөздөр айтылып жатат. Сиздердин фракция ал мыйзамга кандай добуш берди. Жеке сиздин позицияңыз кандай бул маселеде?

- Биринчиден, биз бул мыйзамга макулдук бергенбиз. Мыйзам кабыл алуунун принциптери ушундай болот экен, бир тарабы жакса, экинчиси жакпай калат. Жалпысынан биз колдодук. Ал эми сиз айткан коркунучтардын ишке ашуусуна теориялык мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми практикада ишке ашпайт. Анткени Конституцияда так жазылган: Куралдуу Күчтөрдү ички иштерди чечүүгө жумшаш мүмкүн эмес деп. Бул мыйзам аркылуу Куралдуу Күчтөрдү башка маселелерге пайдаланууга жол ачышы мүмкүн. Ошол эле өзгөчө кырдаалдар түзүлгөндө, же башка коркунучтар чыкканда Куралдуу Күчтөр деле четте калбаш керек. Алар колдонулуш керек. Ал эми саясий акцияларга каршы аскер колдонулат дегенден алысмын. Буга барбайт го.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG