Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Чүй облустук соту С.Аргынбаевди айыпка жыкты


Бул туурасында анын адвокаты Мукар Чолпонбаев «Азаттыкка» бүгүн кабарлады. Анын айтымына караганда, соттун жүрүшүндө Сапар Аргынбаев, Москва районунун акиминин орун басары Жуман Орозалиев менен жакалашып, сөгүшүп жана иш үстөлүн бир урган деген айып далилденген эмес. Бирок ага карабай административдик айыпка тартылган «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев муну жергиликтүү бийликтин коркутуп- үркүтүүлөрү катары баалайт. Ал эми губернатордун орун басары Т. Султаналиев жергиликтүү оппозиция лидерлерине эч кандай саясий кысым болгон жок деп билдирет. Өткөн жылдын 16-декабрь күнү Москва районунда электр энергиясына байланыштуу нааразылык акциясы уюштурулуп, иш чаранын алдында жергиликтүү бийлик менен уюштуруучулар ортосунда пикир келишпестиктер чыккан. Нааразылык иш чарасынан кийин уюштуруучулардын бири Сапар Аргынбаевди 10 күнгө камакка алуу туурасында райондук сот чечим чыгарган болчу. Облустук сот болсо аны 300 сом айыпка жыкты.(JJ)

XS
SM
MD
LG