Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Бишкекте зилзалаларга карата агартуу-кайрымдуулук акциясы өткөрүлөт


Бул тууралуу билим берүү боюнча эл аралык адис, Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин окутуучусу Аскарбек Мамбеталиев билдирди. “Жаңы жылды жакшылык менен башта!” аттуу акциянын максаты, акыркы убакта күч алууда болгон жер титирөөлөргө карата калктын маалымдуулугун жогорулатуу, ага карата даярдык көрүүнүн маанилүү экендигин коомчулукка жеткирүү болуп саналат. Ошондой эле каалоочулар атайын даярдалган кутуга кайрымдуулук иретинде ар кыл буюм-тайымдарды калтыра алышат. Акция И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң залында, эртең саат 13:00дө болмокчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG