Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

6-январь: Тарых окуялары


Жогорку Кеңештин депутаты А. Бекназаров 2002-жылдын 6-январында камакта жатып ачкачылык жарыялаган.
Жогорку Кеңештин депутаты А. Бекназаров 2002-жылдын 6-январында камакта жатып ачкачылык жарыялаган.

Бүткүл союздук калк каттоо компаниясы Кыргызстан аймагында 1937-жылдын 6-январында башталган. «Правда» гезитинин 1937-жылдын 6-январь күнкү санында «Троцкисттик арамдар» деген макалада кыргызстандык айрым партия өкүлдөрү сынга алынган

Кыргызстан аймагындагы биринчи коммуна 1919-жылдын 6-январында «Жаңы турмуш» аталыш менен Пишпек уездине уюушлган.
Кыргыз Советтик Социалисттик Автономиялык Республикасынын IV Советинин съезди 1935-жылдын 6-январында ишин аяктаган.
Бүткүл союздук калк каттоо компаниясы Кыргызстан аймагында 1937-жылдын 6-январында башталган. Бул күнү Фрунзе шаарында атайын курулган комиссиялар ишке киришип, республиканын шаар, кыштактарында калктын санын тактоо иши жөнгө салынган.

Большевиктин бийликтин 19 жылдык башкаруу мезгилинде Кыргызстандын калкы кыйла азайгандыгы ачыкка чыккан. Бирок расмий бийлик калк каттоо компаниясынын ишин зындуу аракет катары баалап, ал жыйынтыктын бир даарын жоготуп жиберген. Калган аман калган маалымат болсо, дароо мамлекеттик маанилүү сырлардын категориясына алынып, киши көргүз архивге алынган.

Москва шаарында жарык көрчү «Правда» гезити 1937-жылдын 6-январында «Троцкисттик арамдар» деген аталышта макала жарыялаган. Макалада Фрунзе обласытна караштуу Беловодск районунун партия секретары Газюмовдун «контрреволюциячыл троцкисттик уюмда тургандыгы» белгилеген. Партиянын органы эсептелген борбордук гезитте Газюмовдун 1927-жылкы шайлоодо, анын Сталиндин ордуна Троцкийге добуш бергендиги белгиленген. «Правда» гезити муну менен бирге, Кыргыз областтык ВКП (б)нын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Ельцовду «Газюмов менен ичкилик ичкен, көмүскө троцкист катары» айыптаган.

Токтогул районунда тергөөчү болуп эмгектенип жаткан маалда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган»деген кине менен камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты А. Бекназаров 2002-жылдын 6-январында бул чечимге каршы ачкачылык жарыялаган. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын 20 депутаты А. Бекназаровдун дароо бошотулушун өтүнүп өлкө президентине кайрылышкан.

Алардын пикирине ылайык депутат саясий негизде камакка алынган. Коопсуздук комитети менен Башкы прокуратурa аны күнөөлөш үчүн атайын комиссия куруп, ишти куугунтуктоо жолуна салышкан. Парламент депутатынын камакка алынышы калктын бүйүрүн кызытып, Аксы районунда стихиялуу митингдер башталган.
XS
SM
MD
LG